Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Ала качууга баш ийбеген кыз сүйгөнүнө жетти


Иллюстрация сүрөт.

Сүйгөнүнө жолуккандар, кошулгандар - бактылуу. Меңди Мамазаированын “Жайдын эң ысык күнү” аңгемесинин каармандары да эңсегенине жетиш үчүн биртоп тоскоолдордон өтүштү. Кыргыз аңгемесинин классикасынан бактылуу сүйүү баяны тууралуу кеп кылабыз.

Алоо сүйүүнүн аптабы

Жайдын эң ысык күнү - саратан кайнап, жандуунун баары көлөкөнү качырып, салкын издеп калган чак го. Сөөктөн өткөн суукка караганда ысык кандайынан келгенде да жакшы. Быйылкы мээ кайнаткан саратанда Нуркан менен Назгүл шаардан чыга албай калышты.

Шашыла турган, кечиге турган эч нерсе жок эле. Жаңыдан баш кошуп, үй-бүлөлүк жыргалга киришип аткан эки жаш үчүн бул күн жөн эле дем алыш эмес, өздөрүнчө болуу, өткөндү эскерүү, болочокко кам көрүү болчу. Антпесе убакыт өтө берет экен. Мына ушу азыр да шаардыктардын баары болбосо да көбү касиеттүү Көлгө кетишкен. Андайга жетпегени айылга, тоого ыктап, куйкалап ийчүдөй болгон күндөн сактануунун амалында жүрүшкөн. Бул экөө антишкен жок. Кенен уктап алалы деп күн жайылганча төшөктөн турушпады. Турганда эмне, ысыктан, кыймылдан чарчаган денесин эркин коюп жата беришти.

А бирок ойго батып, кыялга чөгүп кечке жата албайсың. Келинчеги акырын туруп күзгүгө келди. Аялдардын баары ушундай, ойгонгондон кийинки биринчи жолукчусу күзгү. Андан бар тарабы келишкен сулуу кыз карап турду. Табият марттык менен ыроолоп койгон сулуулук турду алдында. Өзүнө өзү маашырланып, сулуулугуна эркелеп, анан жуунчу бөлмөгө жөнөдү. Арытан карап турган күйөөсү аялына кандай мактоо айтсам жарашат дегендей суктана карап, эңсеген бактысына жеткенине ишенип-ишенбей турду. Мындай чакта адам аябай ырымчыл, коркок болуп кетет. Колундагы оюнчугун тарттырып ийчү баладай, капыс келген бакытын коруп, кызыкча бир сезимдерге батат.

Тамак үстүндө экөө бирине-бири суктанып, ушу тапта болуп аткан нерселерге дале ишене албай отурушту. Келинчегинин таттуу тамагы, бүт эркин арнап койгон ысык сезими бир утурумдук нерседей, эртең эле андан ажырап калчудай кызык боло беришти. Арасат ойлор экөөнү тең каптап, күйөөсү “ошондо алып кетсем эле болмок экен, окуусун окуй берет эле” деген алдамчы ойго арбалып, келинчеги болсо ушу тапта колунда турган бактысына колдон учуп кетчүдөй, бир туруп ыйлагысы келип, кайра өзүн карманып идиштерин жууганга киришти.

Нуркан менен Назгүл Көлдө таанышкан. Эл көп чогулган пляждан кыздардын арасынан маңкайып бөлүнүп турган Назгүлдү көргөн. Буга чейин көп жерлерде болуп, сулуу кыздарды көп эле көргөн, бирок да мындайга жолуга элек болчу. Болгондо да өзүнүн туулган жеринен Кыргызстандан, касиеттүү Көл боюнан. Болду анан, уйку жок, баштагы көлгө түшүп жыргайм жок, топ кыздардын арасынан чыкпаган сулууну гана ойлоп, ошого арбалды да калды.

Элдин аны менен деле иши жоктой, сууга түшүп, күнгө кактанып, кумга оонап жаткан жандар. Балдар ойноп, күн болсо көктөн кактап, көл бою өзүнчө эле азан-казан. Ойлонуп кеттиби же атайлаппы ал кыздын бутун басып алды. Анысы таанышууга шылтоо болду, кыздын колун биринчи ирет ошол күнү кармады.

“Нуркан бул назик кыздын колун кармаганда ушунчалык ысык экен деп ойлогон эмес. Ошол жылуулук колунан жүрөгүнө өтүп, андан бүткүл денесине тарап кеткенин туйду. Үлп эткен желге учуп кете тургандай туюлган назик кыздар жатаканага кирип кеткенче Нуркан алардын артынан карап турду. Ушул кезге чейин сүргөн өмүрү, окуган окуусу, иштеген иши бир тыйынга татыбай кетти. Эмне кылып жүргөм алиге? – деп ойлоду ал. - “Эмне иш бүтүрдүм? Кур эле жашап жүргөн белем?” Ал мойнун шылкыйта ары-бери баса баштады. Институтту бүтүп, врач болуп иштеп жатканына эле корстон болуп, ошого эле ыраазы, андан артык максат барбы дегенсип делөөрүп жашап калганын бүгүн биринчи ирет туюп отурат. “Кандай жан эле, дүйнөмдү түгөл бузуп...”

Дымактуу жигитке 27 жашында сүйүү баш бакты. Анын мынчалык татаалдыгын ойлобоптур, Колуң созсоң жетчүдөй көрүнгөн чүрөк өтө эле бийикте болот тура. Назгүлдү көргөндөн кийин тамак да ичкиси келбей, оюнун баары ээрчишкен кыздар кирип кеткен үй, анан котологон элден жол тийбеген көлдүн жээги болуп калды. Качан чыгар экен деп акмалайт, же анысы чыга койсочу.

Кийинки күнү жолугушту. Жолдош кызынын жигити көрүнөр замат тигиниси чуркап кетип экөө калышты. Кызыктуу кепти ушул жерден укту. Назгүлдүн курбусу жигити менен кетип, сулуу бийкеч жалгызсырап жүргөн экен. Нурканга ушунусу жакты, кыздын сыр жашырбаган ачыктыгы экөөнү кадыресе жакындаштырып койду окшойт. Нуркан куулук-шумдугу жок баёо кызды кыйладан бери билгенсип бир татынакай кыз түшүнө кирип, аны кууп жете албай кыйналып жатып ойгонуп кеткенин айтып ийди. Ортодо кеп жалгашып, экөө кыйладан берки тааныштардай божурашып, сөзү бүтпөй заматтын ортосунда ынак болуп кетишти. Анан “экөөнүн бири-бирисиз күндөрү, ал турмак мүнөттөрү да өтпөй калды...” Бу сүйүү дегендин ушундай ысык алоосу болот, анын жанында саратандын мээ кайнаткан сызгырмасы бул жакта эле калат.

Сагыныч

Көл жээги жайкысын керемет, эс алуунун да убакты-сааты болот. Нуркандын кетер күнү жакындап, кыздарды чакырып коштошуу кечесин уюштуруп жиберди. Ыраакы Чыгыштан элим-жерим деп келген жигит менен таанышып калганына кыздар, Назгүл сулуунун жүрөгүнө чок таштап койгонуна аскер дарыгери ыраазы эле. Сыртка чыгышып чогуу басышкандан кийин курбусу шылтоолоп кетип калып, экөө гана калышты.

“-Мен сизди сагынам го, - деди үзүлүңкү добуш менен.

-Назгүлүм, Назытайым, - деп эркелетти аны. Анан маңдайынан ысык өөп койду. Кыздын бүткөн бою чымырап, жигиттин көкүрөгүнө башын койду. Ал ошол маалда эркектин сезимди ээликтирген жытын биринчи жолу сезип, анын ушунчалык жагымдуулугуна таң калды. Ошентип тура эле бергиси келди эле. Кечки сейилге чыгышкан эч алуучулардан өздөрүн оолак туткусу келген жигит анын башын көкүрөгүнөн алды. Эки жагын каранган кыз анын кыймылына түшүндү. Алар нарыраак басышты. Тээ, аллеянын четиндеги дарактын түбүндөгү орундукка барып олтурушту.

-Эртең кетип каласыз... – Кыздын үнү ушунчалык назик да, жакын да учурады жигитке”.

Экөөнүн мамилеси эс алуу жайларындагы утурумдук катыштан бийик, чын дилден берилгендик болчу. Назгүл жигитинин келем деген убадасына ишенди. Көлдөн кайткандан кийин кызды өзүнчө бир кызык абал бийлеп, кантип бейтааныш бирөөнү кыска убакта сүйүп калганына ишенип-ишенбей жүрдү. Кызынын Көлдөн аябай өзгөрүлүп келгенин, кыйлага ой басып калганын туйган энеси бир күнү аны кепке тартты.

Тигиниси бирөөнү таап келгенин укканда так секирген энеси таякеси Жуманалынын уулуна кызын болуп коюп, иш алдакачан бүтүп, мунун окуусун аякташын гана күтүп жатышканын угузду.

Назгүл кашайып энесинин сөзүн жуутпай, сүйгөнүнө гана баш кошорун айтып көгөрүп отуруп алды. Апасы кызынын таякесинин баласын жолотпой, башкага көзү түшүп калганын атасына айтты да, экөөлөп макулдашылган ишти тезирээк бүтүрүүгө киришти.

Каршылык

Иштен чарчап келип уктап жаткан Назгүлдү түн ката үйгө кирген жигиттер көтөрө салып машинеге салып тоону карай жүрүп беришти. Ачуусу шакардай кайнаган кыз күйөөсү бардыгын айтса кызуу жигиттер “а балким балаң бардыр” деп каткырышат, капырай. Назгүлдү таякесинин үйүнө алып киришти, анын ыйлаганын, каршылыгын кыз кылыгы деп анча маани беришпеди. Отургузушту, байкуш кыздын колунан не келет, көшөгө ичинде көзүнүн жашын көл кылып ыйдан күчүн чыгарды.

“Келин келгендеги бардык шаан-шөкөттөр жасалып, эл таң атарда гана тарады. Ал эми шашке ченде көшөгөгө кирген эки келин булардын тултуюшуп отурганынын үстүнөн чыгышты.

-Эмне эле кабагыңардан кар жаап калган, уул? – Көптү көрүп калган жеңеси кайнисине шектүү карады.

-Анчейин эле, жеңе. Бизди жайыбызга койгулачы. – Бул сөздү укмаксан болгон келин алардын төшөгүн жыйнап кирди. Тез аранын ичинде иштин жайын берки келинге маалымдай салды да, ак шейшепти жая берди. Босогодо турган берки келин бетин чымчып, эшикке чыга качты. Көшөгөдө эми экөө эле калды.

-Мени элге уят кылдың,- деди ызалуу жигит.”

Намыска ууккан таякеси үйүнөн чыгып кеткен боюнча жоголду, эл да келин көрөбүз деп келбей калышты. Назгүл ошол кезде үйдөн чыккан боюнча шаарга келе берген. Бир айдан кийин атасы келди, апасы ооруп калганын, таякесинин баласы кайсы бир кен чыккан жерге иштегени кетип, айылына каттабай койгонун айтты. Ажеп болуптур.

Назгүл ошол бойдон айылына каттаганын койду, окууну бүтүп шаарда иштеп калды. Нуркан болсо сүйгөн кызынын башка күйөөгө тийип кеткенин жазган каттары кайтарылгандан кийин билди. Кийин укса катты Назгүлдүн атасы жазыптыр, ушундай да болот экен.

Ошону менен экөөнүн мамилеси үзүлүп, ортодо жазылчу каттар токтолгон. А бирок Нуркандын үзүлгөн үмүтүн жандантып, аны туулган жерине чакырып аткан бир сезим көөнүнө тынчтык бербей койду. Көз алдында урап түшкөн бактысынын кийинки тагдыры кандай болгонуна кызыгуусу артып, кантип жатты экен, деген ууру ой кыйнай берди. Акыры ал кандай да болсо Кыргызстанга бир келип, бул жерден тапкан махабатын бир көрүп кетсем деп кыялдана баштады. Назгүлдүн ата-энесине таарынып шаарда иштеп жатканын билген да, уккан да эмес эле. Бир көрүүнү эңсеттирген тууган жер ага бактысын кайрып берди. Назгүлү аны күтүп, аны эңсеп жүргөн экен.

Романтикалуу сентименталдуу баяндын кыскача мазмуну ушундай. Короодогу койду уурдагандай бөктөрө качкан таякесинин баласынын айбандыгы, көрүнөө зордукка баш ийбей бактысы үчүн ата-энесин таштап баса берген кыздын эрдиги көптөргө сабак болчудай. Канча кыздар каалабаган жеринде айласыз отуруп калган учурлар кыргыз турмушунда азбы?! “Таш түшкөн жеринде оор” деп айласыз калгандардын трагедиясы өз бактысы үчүн аянбай күрөшүүгө даяр эместигинин натыйжасы.

Турмуш агымы кайда айдаса ошол жакка агылып, жеке турмушу, таалайы, бактысы үчүн күрөшө албоонун аягы жакшы бүтпөйт. Зордук менен үйлөнгөн шумпай кийин деле ал адатын таштабай, басым-кысым алдында курган дүйнөсүнүн баркына жетпейт. Анын үстүнө андай шордуулар кыз менен адамча сүйлөшүүнү билбеген табият же акылдан, же билимден куржалак калтырган эки аяктуулар болот.

Меңди Мамазаированын аңгемесинен улам ушу тапта эркек менен аял мамилесин, сезим ышкысына берилгендердин аракет-кыймылын эрикпей баяндап чыккан чыгармалар көбөйгөнүн белгилей кетүү керек. Кайсы бир депутаттын же министрдин, Касым Каимов жазмакчы, “белгилүү эркектин” жашоо-турмушун сүрөттөгөн жеңил баа чыгармалар чынында эле арбын жаралууда. Нукура адабият, чыныгы көркөм сөз предметтин динамикасына карата анализин, кыдыралекей окуялар тизмегине караганда тереңдеги маани жайын чечмелөөгө көбүрөөк кызыгарын “жижиң калам” жазмачылар элес албай келатышат.

Ала качууга баш ийбеген кыз сүйгөнүнө жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:30 0:00

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG