Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Шамалдуу шаардын адамы


Иллюстрациялык сүрөт.

Пенде баласынын аң-сезимине бекем уялап алган жеке кызыкчылык деген бар. Жашоо-турмушундагы аракет-кыймылын аныктап турган ошол сезим адамды оң да, тескери да жолго салат. Казат Акматовдун “Газик” аңгемесинде социализм заманындагы бир адамдын иш-аракети сүрөттөлгөн.

Кызыгуу

Жеке кызыкчылык адам баласын жөн отургузбай, дайыма алдыга үндөп, эрикпей иш кылууга, мээнеттен качпоого чакырып турат. Адам өзүн башкалар менен салыштырып, ичте жаткан потенциалын ойготуп, жаңы бир нерсени жасоого кызыгат. Ошондой сезимге Шеримбек Оштогу досунукуна барып келгенден кийин туш келди. Мурда “Беломор” деген тамекини тартчу эле, эми “Прибойго” өттү. Кантсе да арзаныраак эмеспи. Ал кезде чыпкалуу тамеки жок, ачуу чылымды бурулдата тартып, элдин көбү убакытты кантип өткөрүү менен алек болчу. Мурдагыдай гезит-журналдарды бапыратып сатып келгенди, чачтарачка тез-тез барганды, анан да жолдош-жоросу учурап калса пиволошуп кетмейин таптакыр таштады. Үйүнө соо келгени аялына аябай жакты, а бирок ал күйөөсүнүн эмнеге минтип кескин өзгөрүп кеткенин түшүнө албай жүрдү.

Булар жашаган шаар тогуз жолдун тоомунда, аяк-башынан ыркырап шамал уруп, кээде көл жээгинде үйөр толкундар бууракандап, кичине шаар чаңга көмүлүп калчу. Эмнеликтен шамалдуу жер шаар болуп калганы машине жүктөн чыккан окшойт. Тоо арасына жүк жеткирүү ушул жерден башталат, элдин көбү айдоочулар, анан кампа башчылар, эсеп-кысапчы, иши кылып, буюм-теримге байланышкан иштердин баары чакан шаардан башталып, жандуу кыймыл токтолбой жүрүп турчу. Анын үстүнө бул жерге келгендер тез эле ирденип, жашоо-тирдигин оңоп, майланышып чыга келчү.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кимдин кандай байыганын аялынын кийиминен билишчү. Бир этегин үзө, экинчисин жаза баскан зайып күнүгө жаңы көйнөк алмаштырып кийип жаркылдап калчу. Шеримбек болсо кишилер менен анчалык чечиле бербеген түнт неме. Майрам күндөрү эле болбосо башка убакта бозомук шырымал шымын чечпей, үч түлөгөн кара баркыт кемселин жонунан түшүрбөй жүргөнү-жүргөн. Анын аты айдоочуларга аябай белгилүү, кимге кандай запастык бөлүк керек болсо Шеке деп келишчү. Шеримбек да жок дебейт. Запастык бөлүк деген керектүү буюм жолдо жатыптырбы. “Волгасы” менен “Москвичинин” жарактын чыгып калган деталын Шеримбектин кампасынан табышчу. Канча кишилердин ажатын ачты. Аз-аздан тааныштары көбөйүп, кадыры артып баратты, эшик алдында “Шекелеп” аны күткөндөр толтура.

Сурамчыларга кеткен тетиктердин орду мамлекеттик ишкананын машинелеринин эсебинен жабылат. Жок тетикти кантип жаап коюуну Шеримбек мыкты өздөштүрүп алган. Жүк ташуучу базанын айдоочусу “муну ашыкча жазып салды” деп арызга отурбайт. Кайсы бир керектүү тетик деп эртең эле алдына келет. Ошентип иши жүрүшүп, жоро-жолдоштору арасында Шекен болуп калган кампа башчысы Оштогу досуна барып келгенден кийин таанылгыс болуп өзгөрүп кетти.

Айдоочулар мурдагыдай кагазы жок керектүү тетиктерди алып чыгып, машинесине салып жүргүзүп кете албай калышты. Кагазсыз эч нерсе берилбейт. Алгач айдоочулар кескин өзгөрүүгө таң калып жүрүштү. Анан бир күнү автобазанын жүк машинеси аварияга учураганы тууралуу суук кабар эшитип калды. Жүк машинени кадимки “Газик” - “Газ – 69” сүзүптүр. Кабарды уккандан кийин Шеримбек көп ойлонуп отурбай эртеси күнү жүк машине менен сүзүшүп талкаланган “Газиктин” дайынын билип келмекке чыгынды.

Чогултуу

“Газиктин” каза тапкан айдоочусунун үйүн оңой эле тапты, сөөктү коюуга чогулган эл арасына үн чыгарып өкүрүп барды. Эл арасына кошулуп, колхоздун инженерин көрдү. Ошол киши чарбанын техникасына ээлик кылат. Эл кетип, маркумдун жакын делгендери кечке жуук кармалып, үй ичинен тамылжып чыгышкан маалда инженерди жандай басты. Талкаланган машинанын чоо-жайын сурады. Инженер талкалангн машине “Вторчерметке” өткөрүлөрүн айтты.

“Бирок, ушундай бейтаанышка ишене бергенде колдонулуучу мындай ыкманы Шеримбек да өз башынан нечен-нечен өткөргөн үчүн дароо түшүнүп, ичинен кудуңдай түштү. Анан дагы ылдыйлай баса, бир топко сүйлөшүшкөн соң колдорун бек кыса ажырашты экөө.

-Ооз бек болсун баатыр, өкмөттүн укуругу узун азыр, билесиң го. Анан советтик законду да кез-кез сыйлай жүрүш керек. Зыяны тийбейт, хе, ха-ха-ха. Бир жумадан кийин өзүм кабар кылам, - деди инженер коштошуп жатып.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир жума эмес, ошондон бир айча өткөндөн кийин Шеримбек түн жамынып келип, “авариянын кесепетинен такыр жараксыз болгон” “ГАЗ -69”дун рамасын, алдыңкы, арткы мосторун машинеге жүктөп кетти.

- Башкармабыз битиреген жаман киши. Кокус мунун шегин алып калса берген миң сомуң анын ооз басырыгына да түтпөй калат. Кымбат алдым деп кейибе баатыр, бергениңен көп орток болгондор бар тегеректе. Мобу эле кароолчу абышканын оозу жүз сомсуз басылбайт, аны билесиң го өзүң деле. Мындан кийин кол үзүшпөй жүрөлү, бири-бирибизге зыяныбыз тийишпес. Ошол келечегин ойлоп өзүңдөн башка эч кимге бергеним жок. Болбосо үч баасын көтөрө чаап акидей асылгандар көп болгон, аны түшүнөөрсүң өзүң...”

Шеримбек жолдо келатып уттурдум деп капа болду. Машиненин өзүнүн болгон баасы 900 сомго турат, анын үч темирин миң сомго сатып алат деген эмне шумдук, ушинтип алданат экен да. Машиненин керектүү тетиктерин чогултууга киришип, үйүндө сактап жаткан кыпкызыл акчаларды кайдагы бир эски-уску темирлерге коротуп атканына аялы да нааразы болчу. Бирок ага карабай Шеримбек Оштогу досуна кат жазып, андан керектүү буюмдарын алып жаңы машине куроо кызуу жүрө баштады. Баарысы ойдогудай кетип атканда ортодон аялы каршы чыгып, чоң чатакты баштап, уулун жетелеп үйүнөн чыгып кетип, кайра келди.

“Ошол күнү кечке суй жыгыла Шеримбек жалгыз иштеген соң “газиктин” мурдагы кузовасыз сөлөкөтү жоголуп, короонун бурчунда турган нерсе эми кадимки эле - “алтымыш тогуз”. Рамасы, коробкасы, мотору, ал тургай тырсыя жел үйлөтүлгөн төрт дөңгөлөгү да орду-ордунда, тийип койсоң дөңгөчтөн түшө кашчудай чимирилет. Эки колдун тең манжалары суукка туурулуп, жанчылганына кайыл боло, Шеримбек сыртка чыга калган аялын чакырды:

-Карасаң-ай, карап койчу, машинага окшоп калыптырбы?.. Москва деле ушунтип азап-тозок менен көп жылда курулган. Мынакей... Ал колу таянып турган алдыңкы дөңгөлөктү чимирилтип койду.

- Карачы...

- Москвадан айланып-секет кеткиле ошол темир экөөңөр. “Мөшкүбө” деп коёт, ий ары жок десе! Аны коюп тетиги тирүүлөй жетим балаңдын бутуна садага кылсаң да бир чокой алып берсең болбойбу, же мен көчөгө чыгып денемди сатайынбы ыя!!

“Дөңгөлөктүн чимирилгенин көрүп аялым жылмайбаса да, жок дегенде унчукпай калаар” деген Шеримбектин үмүтү айнекке таш тийгендей чачырады.

Ошол күндөрү кандай амал болсо да Шеримбек аялынын бир саамга жарпын жазып, аны эптеп ыкка көндүрүшү керек эле. Тээ адеп баш кошкон жылдары эле экөөлөп жыйып-терген дүнүйөсүнө сатып алган бир “тажик килеми” менен кийим тигүүчү машинасын алам деген кишиге Шеримбектин жең ичинен сүйлөшүп койгонуна бир апта болду. Ошондон бери анысын аялына айтышка жүрөгү даап бара албай оңутун издеп күндө ичтен толгонот. Ошол үйүндөгү колго илинер эки буюмга келе турган канча бир сомсуз Оштогу жан курбусунан мотор ала алчудай эмес Шеримбек”.

Машина кураш ушунчалык оор, анан да басса-турса байкуш тыйынга гана күчүн чыгарган “акча жегич” болорун мурда элес алган эмес экен. Ар бир тетиги акча, аны да жөн бербей маалкатып, кадыр-колко кылып жатып араңдан зорго беришет. Балыкчыда өзү, Нарын менен Оштогу эки досу деле ушинтип кыйналып жатышкандыр?!

Машине

Шеримбек бардык кыйынчылыкка, буттан-колдон алган жетишпестикке кайыл болуп эптеп эле ар жерден табылган тетиктерден куралган машинеси жүрүп берсе дегенде эки көзү төрт. Баарынан да мурдагы бөлөк-салак коркойгон темирлердин бир четтен ордун таап, машина сөлөкөтү уламдан-улам чогулуп, өзгөрүлүп жатканын көргөндө көргөн кыйынчылыктарынын баары унутулат. Машине канчалык көзүнө сүйкүм көрүнүп, жүрүп кетишине аз убакыт калган сайын аялынын уруш-жаңжалы көбөйдү. Эски-уску темир көрсө кыя өтпөй калган күйөөсүнөн көңүлү биротоло калган зайып бир ирет уулун ээрчитип атасыныкына кетип калды. Жөн кетпей айтчу сөзүн айтып, ачуу тилин болушунча агызды. Шеримбектин таң калганы ушу калган-каткан темир-тезектен чогулган машине жүрүп калса жанына аялы менен баласын отургузуп алып ары-бери каттап турушат эле го.

Шаарда машине мингендер саналуу эле, элдин турмушу жүдөө. Анан жыртык кийимчен Шеримбек машинесин айдап чыкса элдин баары таң калышмак, андан аялына кандай зыян? Кош бойлуу жарынын көңүлүн алайын деп эчен ирет жакшы сөздөрүн, ачууга ууккан сезимин жибиткиси келди, болбоду. Катуу урушкандын эртеси эле эрди-катын бири-бирине ымала кылып, ортодогу кирди жууп салуунун амал-аргасын издеп калышат го. Ошондой мүнөттөрдүн биринде керебетте жайылып жаткан аялына машине үчүн “тажик килем” менен кийим тигүүчү машинени сатууну айтып калбаспы. “Ушуну...” деп калган сөзүн айтууга үлгүрбөдү.

“Аялы койнуна чок түшкөндөй ыргып турду да, бир заматта жашы кургап жок болгон сүрдүү көздөрү менен аны тиктеп калды. Андан соң үстүндөгү жуурканды жулкуп ыргытып, үн-сөзү жок кийине баштады. Дагы бир аздан кийин куту учкан ээн үйдө Шеримбек жападан-жалгыз калды. Тура түшүп Шеримбек аялынын артынан жүгүрө чыгып аны токтотчудай болду эле, анан ошол замат сыртты көздөй умтула берген бою кайрадан сууп калды. “Эх, мен акмак, өзүм буздум да бул тажаалды. Мына эми, каргап-шилеп отурушу ичкен ашындай. Башында, тээ адепки жолу тили тийгенде эле катуу кетсем балким мынчалык болбойт беле?.. Унчукпадым, түшүнөөр, басылаар деп тим койдум...”

Аялы келбей койду. Күтө берип акыры тажаганда өзү барды. Карыган кайната-кайненеси “өзүңөр чечкиле” деп экөөнүн мамилесине кийлигишпеди. Шеримбектин эмки ишенгени машинеси тезирээк жүрүп берсе, аны айдап алып таарынган аялы менен атасын күтүп отурган баласын салып үйүнө алып келүү болчу.

Иш кызуу жүрүп жатканда Нарындагы досунун каты колуна тийди. Анда булар ишенген адам милиция колуна түшүп, камакка алынганы маалымдалып, Шеримбектин кандай да болсо бүтөйүн деп калган машинесин жок кылуусу керектиги жазылыптыр.

“Газиктин” рамасын кымбатка саткан колхоздун инженери “советтик законду да кез-кез сыйлай жүр” деп бекеринен айтпаган экен. Советтик закон Шеримбектин ар кайсы жерден таап келип жасаган машина кураштыруу аракетине каршы болчу. Таштандыга чыгарылчу деталдардан кураштырылып жасалган машине деле совет бийлигине жакчу эмес, жеке кызыкчылык деп андайдын сары изине түшүп куугунтукка алышчу.

Шеримбектин эч иш кылбай арактан көзү ачылбаган Олжону колундагы ачкыч менен уруп: “эмне күнөөлөйсүңөр силер, эмнем айыптуу менин!” деген ач кыйкырыгы көчөнүн тиги башына чейин угулуп, ары жеткен жок. Ал кезде аракка нык тойгон коом капарсыз уктап жаткан.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG