Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Дарыгердин арманы...


Иллюстрациялык сүрөт.

Үч жылдан бери дүйнөнү эңги-деңги кылган апаат кары адамдын эң жакын адамын – небересин алып кетти. Тоосу урап, күнү батты, күндөр суз, супсак. Ырысбай Абдраимовдун “Сүйдүргү да, күйдүргү” аңгемесинде ушу тапта адамзат башынан кечирип жаткан алаамат сүрөттөлгөн.

Жан кызым

Таятасы менен небересин байланыштырган телефон, күн алыс кызынын “ата” деген үнүн укканда дүйнөсү түгөл, андан башка бакыттын абышкага кереги деле жок. Бир укмуш элжирейт, бир сөзгө ушундай балкыйт. Мурда кантип жүрдү экен десең. Балдары аталаса мынчалык элжиребегендир. Небере деген башка экен. “Өрүгүнөн данеги ширин” деп бекер айтышпайт экен. Абышка бир укмуш сөздөрдү айтып, небересине жалынат. Ары жакта кыткылыктаган садага болоюну атасын ыраазы кылып, узакка сүйлөшүп, анан ишин айтат. Антпесе атасы токтобойт. Колу менен кулагы шапалактай аппаратка жабышып, сүйлөшө эле берсе. Бу чөнтөк телефон жокто кантип жашады экен? Телефон болбосо Абдыраман жолдун узактыгына карабай апта сайын кызына Бишкекке барып турмак.

Мына бир жумадан бери Дианасы телефон чалбайт, атасы чалса албайт. Вашингтондогу уулу Азамат менен сүйлөшүү жеңил, интернет аркылуу каалаган маалында кобурашат. Кызына не болду? Эрке кызы быйыл Медакадемияны бүтүрөт. Эркеси, жан кызы окуусун бүтүп келсе атасынын телегейи тегиз, бактысы көлдөй чайпалып турмак.

Быйыл элди катуу тумоо каптады, күн сайын каза болгондор саны айтылып, Кудайга үнү жетип аман каламбы деп өлүм менен өмүрдүн ортосунда алдастагандар көбөйдү. Мындай апаатка медиктер туруштук бере албай, кол күчү жетишпей, айла кеткенде бүтүрүүчү курстун студенттерин ишке чакырышты. Албетте, өз ыктыяры менен. Мындайда четтен карап тургандар болбойт экен. Пенсияга чыкканына карабай Абдыраман да ишине келди. Башкы врач аны жактырбаса да айласы жок алды. Ал өзү да үйдө телевизор көрүп, кез-кез сыртка чыгып басып келгенден тажап, көнүмүш ишин сагынып калган.

Аны чочутканы небересинин апааттын кызыл чогу – “кызыл зонага” кирип иштеп атканын укканы болду. Кабарды эшиткенде нес болуп анан жалынып ийди, жанкызы окуусун бүтүп иштесе деле бу балакет менен күрөшкө жетишет эле го. Кызы болбоду, министр келип студентер алдында сүйлөдү дейт. Абал ансыз деле коркунучтуу, апаат жалпыга жайылып, азганакай эл кырылып калабы деген коркунуч этектеп калган. Карабайсыңбы эми, жанынан артык көргөн көпөлөгү кызыл жалын чок ортосуна кирип алыптыр. Дарыгер адамдарын өмүрүн сакташ үчүн жанын аябаш керек, деп өзү айтчу, небереси да ошол сөзүн эстеп калыптыр.

“Сүйдүргү кызынын нар кескендей чечкиндүүлүгүнө сүйүндү. Бирок, кийин бармак тиштеп, күйүнүп каларын туйган жок. Жемелеп –жаскагысы келген оюнан айнып, Диананын көңүлүн чөгөрүүнү каалабады. Ага үндөбөй, кара тумоону тосууга оболу кам көрүлбөгөнүнө кейиди”. Кур дегенде кеселканалар камдуу турганда. Коргоочу кийим-кечек, тумоону тез аныктагыч лаборатория… Дары-дармек менен жасалма дем алдыргыч даяр болсо кана? Баш-аякты жыйнагыча кесел өрттөй жайылды. Илдеттүүлөрдүн туугандары таманы талкан болуп, туш-тарапка дары издеп чуркап, гепарин менен клексан көздөн учту. Чачтан көп киши айыкса да, өмүрүнөн айрылгандар күн кур эмес. Кеселканадан орун тийбей, үйдө жаткандары да миң сан. Отуз жылда бир госпиталь курулбады.”

Атасынын ойго батып, үндөбөй калганына кыздын шаштысы кетти.

-Ата, атаке!… Ойлонбочу, санаа тартпачы!.. Сыркоо батмандап келип, мыскалдап чыгат. Кара булут да көпкө турбас меймандыр. Билесиң го, мен эрежени бузбайм. Жумушта тердеп-буулансам да коргоочу кийимди чечпейм. Бир эле мен эмес. Кыз-жигиттер, пенсионер аялдар да ыктыярчы болуп… Ооруларга жүгүрүп, азык-түлүк, оокат ташып, кислород менен дары таап берип атышат”.

Эмне дейт орундуу сөзгө. “Садагаң кетейиним, өз жаныңа да күйө жүр!” деп айткан. Башка эмне демек, темир канат балапаны учам деп эртерээк талпынып алыптыр. Бу дарыгер дегениң убакты-саатын карабай, күн-түн дебей кара жанын карч уруп окуу жайдан алган билимине тажрыйбасын каныктырат. Кыйла убакытта, эчен жылдан кийин көзү каныгып, колу көнүп, оор өнөрдүн сырын билет.

“Мени кечиргиле...”

Бу кара тумоо капыс каптады, эч кимди карабай, баарын чалгыдай шыпыра чаап келатат. Тажрыйбасы жок, ишке каныга элек көпөлөгү кантер экен? Абдыраманды ой үстүнөн ой басат. Небересинин жанына жакын болушунун себеби бар. Небереси бир айлык кезинде тун кызы күйөөсү менен ажырашып, айласы куруп турган кезде Диананы өзүнүн фамилиясына жаздырып, “менин принцессам” деп эркелетип чоңойткон. Кызы башка бирөө менен турмуш куруп небереси колунда, таятасын ата деп, мунусу кызым деп өзгөчө ысык болушту. Абдыраман менен аябай жакын болуп кеткениненби же боору ташпы, апасы кызы менен иши деле болбоду, кийинки балдары менен атасына деле кем каттоо болуп, башында чайпала түшкөн турмушун кыйналбай жөндөп кетти.

Абдыраманды ой басты, балакет апааттын деле токтолгонду кой, басаңдайын деген түрү жок. Көчөгө чыксаң беткапсыз шайыр-шатман жүргөн жаштарды көрөсүң. Бөжүрөгөн карыларды карап коюшат. Ооруканаларда болсо жетишпестик. Эшик алдында кабыл алынбай үзүлүп кеткендер болду.

“Ал ушундай ойлорго чарпылып турганда, бөлмөдөгү керебеттердин бири кычырай түштү. Анда жаткан кеселмандардын бири кыр-шыр этип, кыйналууга өттү. Тамагы буулганбы, сыркоо киши колдору менен алкым тушун тытмалап-тытмалап ийди. Абдраман ага эки аттап жетип, капарында эчтеме жок, өз жүзүндөгү беткапты жулуп ыргытты. Тигинин оозуна кебез коюп, ал аркылуу ооз-мурдуна дем бүрктү. Өпкөсүнө массаж жасап, оозуна кайра үйлөдү. Аңгыча медсестра врачтын кабинетинде калган жалгыз жаздыкчаны көтөрүп, жетип келди. Абдыраман шаша-буша жаздыкчанын оозун ачып, оорулууга аба жибертти. Оо кыйладан соң, илдеттүүнүн дем алуусу ордуна түштү. Сөөмөйүнө илинген секундомер тамырынын кагуусу менен өпкөсүндөгү кан айлануусу боюнча токсон бешти көрсөткөндө, сүйүнгөнүнөн күлүп ийди. Бирок, ал кубаныч көпкө созулбады. Кечке жуук демигип, аптыккан кийинки кеселманга жаздыкчадагы аба жетпеди… Кан суюлтуучу үкөл жок, дагы биринин кан басымы ашты. Жадесе үкөл да тамырда жүрбөй койду”.

Абдыраман ооруканадагы абалды көрүп, мурда анча маани бербеген бир нерсеге таң калды, ызаланды. Социализм жок болгону бечара медицина да жок болгон экен. Кайда караба жетишпестик. Каадалуу жыйындарда, бийик трибуналарда таптакыр башка кептер сүйлөнөт. Карабайсыңбы эми, бул баш дарыгерди кармайт. Ал “министрге айттым, убада кылды” дейт. Башкалары унчукпай ушул чалдыкы өттү деп ичинен кектүү.

Оорулар менен алпурушуп жүрүп Абдыраман апаатты өзүнө жуктуруп алганын кечинде сезди. Денеси калтырап-титиреп, от болуп жанып, көөдөнүнө бир нерсе жабышкандай, кургак жөтөл алсыратты. Аба жетпей айласы куруган оорунун оозун үйлөгөндө жугузуп алганын ошондо эле сезген. Жанындагылар Абдыраман ооруну жуктуруп алганын көрүшүп, колунан келген жардамын берип жатышты.

Эми өзү утуру дары жутуп, тамырын кеңейтип, кан басымын түшүрөр асма үкөл алды. Бүткүл сөөктөрү кычырап-кучурап, сынып кетчүдөй болуп, курушса да, тиштенип чыдады. Онтотор ооруну демитти. Жыт билбей, кулагы бүттү. Түнү бою эти от менен жалын болуп, жөөлүп, саамга эси ооду. Ичтейи ачылбай, үнсүз-тилсиз төрт күн жатты. Караңгы түндөн чыккандай болгондо гана эсине келип, көзүн ачты. Кыйналганынын шек-шооратын эсинен танганда ийне сайган медсестраларга да сыр алдырбады. Тамыр-киндигине утуру кан суюлтар укол сайышты: “Болду, эми оорубайм!”- деп, бозойдон бетер ордунан ыргып туруп, кайраттанып, шегин жоготту. Телефон чалды. Ватсабын ачты. Бу жолу да Дианадан үн-сөз жок. Жугуштуу оорулар бөлүмүнөн карыш жылбай, үйдө жалгыз калган байбичесинен студенткасынын кабарын сураштырды. Үйүнө бир жумадан бери каттай элек”.

Абдыраман алдынан тооруп чыккан ажалды кажары менен эле жеңди. Абалы кичине жакшыргандан кийинки сураганы Диана болду. Акыры сүйдүргүсү телефонду алды. “Принцессасы” палатада жатат, ак шейшепте, өңү азган. Абдыраман чарк айланып кетти. Азыр жетип барайын деди. Тигиниси сасык тумоолоп калганын айтып атасын келбеңиз деди. Анан акыркы сөзүн укту:

“-Ата, апама баш-көз бол! Апам экөөң узак жаша, өмүрлүү болгула! Мени кечиргиле…

-Кайдагыны айтасың, карагым! Антпе – е, канышам!- Ак жуумал, чырайлуу кызынын каны качкан кер сары ыраңын көрүп, карт дарыгер көзүнө жаш алды.

Студентканын кан басымы заматта ылдыйлады. Жүрөгүнө кан жетпей, соолуган гүлдөй шапайды. Жанында турган дарыгер ооз-мурдуна жасалма дем алдыргычты кептеди. Бирок, болбоду окшойт, принцесса аны жүзүнөн ары түрттү. Көзүн ачпай, башы бир жагына шылк этти. Колундагы телефон жерге түштү. Абдраман күлгүн курактагы сыркоолор деле бүк түшкөн бойдон кайра турбай калганын уккан. Вотсабы тартпай калган соң, сүйдүргүсүнөн айрылганын түшүндү.

Ал ноокастаганынан сыр алдырбоо үчүн үйүнө таңкы үрөң-бараңда жалгыз барды. Үстүнөн спирт сыйпанган коргоочу кийимдерин, мээлей, беткабын да чечкен жок. “Көргөндөр “жумушта экен”- деп түшүнсүн, чоочубасын.” Бирок, беймаал барганына байбичеси күмөнсүрөбөй койбоду. Шаша-буша чыгып, аны тосуп алууга жүткүндү. Дарыгер калтыраганын сездиргиси келбей, зайыбын колу менен арачылап:

-Мага жолобо, алтыным!… Жугуштуу илдетти дарылап жатканымды билесиң го! Азырынча кол алышпай коё туралы ээ, садагам? Ме, мобуну тагынчы! – деди ага жакындабай. Жүзүн тетири буруп, уучу толо беткапты жубайына узатты. Кызынын дайынын айтууга тили барбай, чыдай албады. Оо бир кезде кармана албай, жаш ойноктогон көзүн ала качты да:

-Кайрат кыл, байбиче? – деди муңканып.

-Эмне дейт?

–Диана… Принцессадан ажырадык… Сүйдүргүм ай, сүйдүргүм! Күйдүрдүң го, алтын кызым! Шордоттуң го, канышам! Кантейин ай?.. Айла жок, арга жок!”

Айла да, арга да жок. Апаат абышка-кемпирдин чырагын алып кетти. Эмне кыла алышат.

Кызынын сөөгүн акка оронгон боз желекчен адамдар таңга жуук алып келишти. Ээн боз үйдө Абдыраман кызын жалгыз өзү жүзүн ачып, оорусу мага жуксун деп эле кучактап алып ботодой боздоду. Башкаларды сөөккө жакындатпады.

Ошондон кийин Абдырамандын бул дүйнөдөн көңүлү биротоло муздады. Кандай үмүт менен өстүргөн кызынан кийин баары суз тартып, жашоонун кызыгы сууп калган. Кийин өкмөттүн атынан акчасын көтөрүп вице-премьер-министр келиптир. Абдыраман акчасын албай койду. Өкмөт адамына биртоп сөз айтты, анысы тигигиге жеттиби-жетпедиби – билбеди. Анан бир күнү Дианага берилчү кенемтени угуп баягы таштап кеткен атасы келиптир, карызын доолагансып милдет кылганычы. Күйөө баласы экен. Бир жактан карыз алган имиш, эми ошону, бир кезде кыз деп кызыл эт кезинде таштап кеткен чүрпөсүн эстеп, акчасын алайын деп келиптир. Абдыраман кенемте албай койгонун укканда кадимкидей ызаланып, сөгүнүп кетти.

Абдыраманды кенемте акча эмес, бир гүлү ачылбай жапжаш бойдон чын жайга кеткен кызынын күйүтү жеп аткан. Эми ал өлөр-өлгүчө ушул апаат менен күрөшөт, дарыгерлигин таштабайт, күнү-түнү иштейт. Акча беришпесе бербей деле коюшсун, эми ал жалгыз өзү үчүн эмес, жан кызы үчүн иштейт. Ошол “принцессасы” көп кишилерди дарылайт болчу, канчалардын сообуна калмак. Анын баарын атасы жасайт, Абдыраман жасайт.

Диана, кудум британиялык принцессага окшоп жаштайында жайраган кызы үчүн эми ал баарына даяр. Оорудан коркпойт, бу апааттын эң коркунучтуусу, жаманы – кайдыгерлик экен.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG