Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 17:33

Сүйгөнүн сактай албаган эркектин ыйы


Иллюстрациялык сүрөт.

Бексултан Жакиевдин “Бороондуу жолдо” аңгемесинде уруулук коомдун көөнө адат-салты менен жеке адамдын коллизиясы – карама-каршылыгы сүрөттөлөт. Аялы менен күйөөсүнүн турмушун туугандары чечип коюшат. Ага аялы да, күйөөсү да каршы чыга албайт. Кыргыз аңгемесинин классикасында Бексултан Жакиевдин “Бороондуу жолдо” баяны.

Үйөр толкундар

Айым Балыкчынын бороону мынчалык катуу болорун ойлобоптур. Адамды буюктурган шамалдан минтип ыктоо жер издеп отургуча кечээ эле чогуу келгендери менен кетип калмак. Карабайсыңбы эми, бороон зым карагайларды озондотуп, багы аз жылаңач шаарды бейпайга салууда. Шамалда күчөгөн толкундар күчүн жээктеги кайыктардан чыгарып, ачуусу таркабай жээкке урунуп артка түрүлөт. Суукта бороонго калган аял автостанциядагы кассага жетип “Приживалга автобус” эки сааттан кийин болорун угуп, шалдайып отуруп калды. Эки саат эмне кылат. Ысык тамак ичип, кичине жылып алайын деп вокзалдын жанындагы ашканага кирсе, элдин баары сууктан корголоп толуп алганбы кезектен баш адашат. Аял бурчтагы бош столго отуруп официантканы чакырып ысык борщ алдырды. Азыноолок жылып эки жагын карап “жалгыз олтурган эски боз купайкечен жүдөө кишиге көзү чалдыкты”.

Көзүнө тааныштай көрүнүп кетти. Ошобу деп бүшүркөй карап калды эле тиги тамекиге оролгон чылымын чыпкай тартып күл салгычка басып өчүрдү да шалдыраган денесин акырын көтөрүп өйдө боло берди. Ошол... Темтеңдеген масты орто жолдон токмоктоп салайын деген жигитке жалынып, аял ортого түшүп, боз купайкени олтурган жерине жетелеп келди. Бир стакан вино алып берип сөзгө тартты. Бирок ал негедир унчукпай, сырт кейпинен уялгандай, муңайым отурду. Ашканага кирген-чыккан кишилер көп болду, аял менен эркек аларга түк назарын салбай далайга үн жок телмиришти. Аялдын “ушул жерде турасыңбы?” дегенине тигиниси “ийи” деп жооп берүү менен эле чектелди.

“– Кир-когуңду жуудуруп алууң го... Шейше башын көтөрө таңыркап, олурая карады да, ошол замат кайра шылкыйды. Аял түшүнө койду. Жаны кейиди.

– Алигиче бойсуңбу? Аа, шордуу-у. Шейшенин жети өмүрү жерге кирип, ындыны өчтү. Ыйлап ийчүдөй таноолору бирде кыпчылса, бирде дердеңдеп, бакалоору былкылдап барып, араң оңолду. Бул экөөнүн сөзүн угуп отургандар дароо мастын тагдырынан кеп козгоп, дуулдап калышты. Андан да, мындан да күбүр-шыбыр көбөйдү. Аял уйгу-туйгу ойго чөмүлүп, таштай мисирейди... Көптөн кийин гана уйкудан чочуп ойгонгондой башын чулгуп алды да, Шейшени билектен кармап, ордунан тез турду:

– Жүр үйүңө!..

– Я?! – Шейше аптыгып калды. Аял аны ой-боюна койбой дагдаңдата жетелеп, бороондун тыткынына боорун жагжайта тосуп, көчөгө чыгып кетти”.

Шейшенин мындай болуп каларын Айымжан ойлогон эмес. Айылдагы туугандары экөөнү ажыраштырып койгондон кийин төшөк жаңыртат, жашоо-тирилигин кайрадан баштайт го деп ойлогон. Бул болсо аракка чөгүп, адамдык кейпинен кетип калган тура. Канчадан бери от жагылбаган суук бөлмөнү жылытып, кир кийимдерин арыдан бери жууй салып, Айым чай кайнатты. Экөөнүн кечээкиси эске түштү.

Кайран жаштык

Шейше согуштан бир жерине ок тийбей сопсоо кайтты. Кан майдандан кайтканды айылдаштары жабыла тосуп алышып, кобурашып сөздөрү бүтпөй, кыйлага отурушуп тарап кеткенден кийинки кезек айылдагы кыз-кыркындардыкы. Айым Шейшенин келгенин угуп кантип жолугуштун амалын таппай курбу кыздары менен элдин аягында келишкен.

“Бешим ченде таркоого кам урушуп, кыз-келиндердин алды чолпуларын шылдырата кылак-кылак этек чайкап, шашпай короодон чыгышты. Алиги кыз ордунан тура бергенде жаның барбы, келип мени кармабайсыңбы, бол эми бат дегенсип, эт жүрөктү тепчий тартып, жигитке сырдуу жалт карады да, анан бетин жоолугу менен калкалап, жана келгендегисиндей уялыңкы төмөн карап, узап кетти. Жигит сарайды айлана чуркап, корукту түптөй кеткен жалгыз аяк жолдон алдынан тосту:

– Шашпасаң, кайда шашасың? Бакыттан апкаарыңкы дирилдеген жоош кыздын көзүн жоодуратып, коюлжуган ымыр-чымыр чаарчык көшөгөгө думбалады. Жигит кызды өзүнө эркелете тартты.

– Акырын, бирөө көрөт... – кыз эки жагын элеңдей карады, бирөө угуп койбосун дегендей шыбырай салды, – алтүндө күтөм, – анан тигини байкоостон чоп эткизе таптаттуу өөп ала коюп, бетин басып, жүгүргөн бойдон корукту имерилип кетти. Жигит анын соңунан жалжылдай карап, көкүрөгүн кере-кере дем алды да, үйдү көздөй алп арыштады”.

Ошол түнү эки жаштын тагдыры чечилди, бири-бирисиз жашай алышпасын сезишти. Айлуу түндөгү кыздын “бат элеби?” суроосу чын чыгып, көп узабай экөө баш кошту.

Аскерден бошонуп келгенден кийин Шейше колхоздун агроному болуп дайындалган, айыл чарба техникумунун үчүнчү курсунан урушка кеткен. Айым болсо апийим отоого чыгат. Колу кетменде болгону менен ою Шейшеде, качан келер экен? Кээде агроном булардын ишин көргөнү келет. Ал жакындаганда Айымдын “жүрөгү лакылдап, эмнегедир, апкарыгансыйт, башын жерден албай тамылжып, бат-бат иштей берет. Кокус, күйөөсү жанына аярлай калса, көрө калгансыбай батыраак ары басып кетпейби деп, ичинен чыйпылыктайт, бети ысыйт”. Күн бою топтолгон сагынычы ансайын алеп-желеп кылып, кечтин эртерээк келишин күтөт, кечинде үйгө келгенде мойнуна чап асылып, “бир жыттап алып” үй тиричилигине киришет.

Өксүк көңүл

Ортодон убакыт деген өтө берди. Айым Шейше экөө баш кошкон жылы төрөлгөн балдар мойтолоңдоп окууга бара башташты. Аларды көрүп Айым санаа тартат, балалуу аялдардын алдында корунат. Шейше да түнт болуп кетти, дулдуюп унчукпайт. Айым кайнагасынын бир баласын багып алалы десе Шейше унчукпай койгон. Ошентип экөө өзүнөн өзү чүнчүп, басынып жүрүшкөндө туугандары чакырып калышты. Анын алдында жеңеси Айымды кетирүү тууралуу кеп козгогон, көбүк черткен күчтүү бозосун куюп кайнисине ачык эле минтип айткан:
“– Кептин ачыгы, уул... саа акыл салайын деп эле далайдан бери оозум батпай жүрөт...

– Айт! – сөздүн төркүнү каякка багытталганын шекшиген Шейше жактырбагандай мойнун чулгуду. Жеңе тамагын жасап, кайнисине чукул жылды:
– Кандай ойлойсуң, ушул аялың менен эле тура бересиңби, же... Шейше жеңесине мыскылдуу карады:
– Кетир дейсиңби?!
– Ал өз көөнүң, бирок... же төрөбөсө. Жашыңар да өтүп баратат...
– Жеңе, – Шейше суз күлдү, – бу өз акылыңбы же бөлөк бирөөдөн укканыңды айтып атасыңбы?
– Өзүмдүкү да, байкеңки да, калган тууган-туушкандарыңкы да ушул ой...
– Кой, жеңе мындай сөзүңдү айтпай жүрчү, макулбу?.. Кел, а көрөкчө муну жутуп иели да өз-өз ишибизди кылалы... Бирок кеп ушуну менен тым-тым болгон жок. Тууган-туушкандары, билерман карылар кечинде Шейшенин аталаш агасыныкына жыйылды.

Бул ирет туугандардын аксакалы кеп баштады. Абышка “эпада айткан акылыбыз көңүлүңө жакпайт экен, ачыгыңы айт, биз сенин келинчегиңди зордоп кетире албайбыз. Бирок да ага-туугандын сөзүн эки кылам деп, элден-журттан чыга калып жүрбө! Мына ушуягын да ойло” деп маселени кабыргасынан койду.

Шейше эмне демек, аялым төрөбөсө кантейин, силерден бала сурап атамбы, десинби?! Мындайда ал дулдуюп унчукпайт. Кысталышта дагыле Айым чечкиндүү кадамга барды. “Шейше да бала жытын сагынды... Анын таалайына жолтоо болбоюн” деп туугандар жыйында ачык айтты. Ошол түнү Шейше үйүнө кирбей сарайдагы үйүлгөн саман үстүнө кулап, таң аткыча үшүгөнүнө кайыл болуп сыртта жатты. Эртең менен кирсе Айым да түнү менен ыйлап чыккан окшойт “көзүнүн агы канталап, жапкагы ыйлаактагандай бөлтөйүп, ак баржак болуп шишиген жүзүн жай бурду да улутунуп өйдө турду.” Сөз сүйлөнбөдү. Айым кийимдерин апыл-тапыл чогултуп чемоданына салып кетүүгө камданды. Шейше андан “кетпейм” деген сөздү күткөн. Андай сөздү Айым айтпады.

Шейше: “Айым... Экөөбүз ажырашчу кишилерден белек?” деп болуп аткандарга ишенип-ишенбей карап турду. Айым күч менен өзүн токтотуп: “Мен калган күндө да...” дегенге жарады. Башка эмне демек. Жалаң кийимдерин бир чемоданга салып үйдөн узай берген келинди айылдаштары жардана карап, арасынан бирөө “оокат-кечеңди албайсыңбы, жууркан-төшөк кайда жүрбө керек го” деди эле: “Жууркан-төшөк эмес, кыйышпас... силер деле калып атпайсыңарбы, энеке. Өлбөсөм табылар...” деди да чогулгандардан кечирим сурап жолго чыга берди. Шейше анын артынан кыйлага ээрчий басты. Шейше Айымдын ыйлап баратканын сезип эле турду.

Айым кеткенден кийин Шейше таптакыр өзгөрдү. Мурдагыдай малын, короосун зымпыйтып таза кармоону койду, чарбачыл эле анысын да таштады. Эч ким менен сүйлөшпөйт деле. Жылтылдатып семиз минчү жээрде кашкасы соорусу чыла түйтөйгөн арык ат болду. Тамакты кошуналары чакырып бербесе ичпейт деле. Туугандары эми бирөөнү алып келер деп ойлошкон, анысы деле билинбейт. Акыры жеңесине болгон сырын айтты, “ээрчитип келип, үйгө кийирип кой”. Мунусу өзүңөр кетирдиңер эле эми алып бергиле дегени болчу. Жаркылдаган жеңеси ошол эле айылдан бир келин таап экөөнү жашатып койду. Кийинки аялы менен деле оту күйүшпөй тез эле ажырашып кетишти. Шейше болсо арактын артынан түшүп аракеч атка конду. Кийин уятына чыдабай айылдан кетип калган. Эми минтип бороон улуган Балыкчыда Айымды капыс көрүп, анысына ишенип-ишенбей отурат.

“Үйдүн ичин тейлештирип бүткөн Айым ичигин кийип, камынып калды. Шейшеге жалооруй кыңая тиктеп, негедир бирдемени кыйбагансып турду да, ичинен сыза улутунду.

– Мен кайтайын эми, Шейше... – демин ичине тартып, азга унчукпады, анан өкүнүчтүү сүйлөдү, – бир жаныңды түзүгүрөөк асырап жүрчү, эсиңди жыйып, акылыңа келчи...

– Кетесиңби?! – Шейше буулукту, жалооруду. Кайдадыр четке карап, алкымы бүлкүлдөп, сөз айтууга дарманы жетпей эрди эмшеңдей түшүп токтоду. Уурту тартылып, каштары өйдө-төмөн серпилет. Мыйыгынан кайгылуу күлүмсүрөйт.

– Чын эле кетесиңби?.. – Ал шилекейин күрмөп зорго жутуп дагы сурады. Өңү өчө түшкөн Айым кеткиче шашты. Муунун токтото албай жакасынын учун кырча тиштеп, эшикти карай чуркады”.

Бороондуу күнү ошентип экөө капыс жолугуп, кайра ажырашты. Айым кеткенден кийин Шейше өзүн токтото албай шолоктоп ыйлап жиберди. “Сыртта бороон тыйылып, көл күүлөнгөн күүсүнөн токтоно албай зор чайпалып, мурдагы каарынан бир аз жанып калган эле...

Шейшенин чети кетик чолок морунан удургуп чыккан түтүн авада үзүлүп-үзүлүп, абага тарап жатты. Айым аны автобустун терезесинен көрдү. Түтүн Айымга жылуудай сезилди”.

Шейше сүйгөнүн алып кала албады. Келин сырт кийимин кийип камданып калганда тизесин кучактап ыйлап ийди. Башка эч нерсе дебеди. Эмне айтмак, Айым борбордогу айыл чарба кызматкерлеринин республикалык жыйынынан келе жаткан. Ал бактысын эмгектен тааптыр.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG