Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:07

Уяң жигиттин аруу колуктусу


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз коомчулугунда жыныстык тарбияга маани берилбейт. Бул тууралуу ачык айтууга элдин кайсы бир катмары да каршы. Мунун кесепетинен далай тагдыр талкаланып, далай көңүл ооруганы да айтылбай, жабылуу аяк жабылуу бойдон калып келет.

Абдыкерим Муратовдун “Кыя жол” аңгемесинде мына ушул көмүскөдөгү тема козголуп, тоо арасындагы эки жаштын бул стереотипти бузуп, өз бактысы үчүн күрөшкөнү сүрөттөлөт.

Босогону жаңыдан аттап кирген жаш кызда не күнөө? Ал өзү каалайбы же каалабайбы илешип келаткан катаал сыноодон өтүшкө мажбур.

Бала жаш, колуктусу андан да жаш. Улуулар эмнени айтса ошону аткарат. Башкача болушу мүмкүнбү суроосу капарына келе элек, үйдөгүлөрдүн көзүн карап үйлөн десе үйлөнүп, тий десе тийип, агымдан чыга албай келаткан жаштар. Анан үйлөндү. Энеси айылдагы молдонун эшегин суратты. Бала барды. Кыйылып атып молдо эшегин берди. Бапестеп, аспиеттеп минген улоосун бирөөгө бергиси келбейт. Бирок баланын энесине жок дей албады, кемпирди сыйлайт экен.

Анан ошол, молдонун кара эшегине өзү минип, өздөрүнүн салык курсак боз эшегине келинчегин отургузуп кыя жолго чыгышты. Бул жол менен тез жетишет. Машине жүрбөйт, ат-эшекчен, жөө жалаңдап ушул жолго салышат. Жепирейген жер тамдардан чыга берип кыя жолго түшөсүң. Жалгыз аяк сокмо жол. Үстүнөн мал, адамдар өтө берип, ага кошумча жамгыр менен кардын суусу жеп, ортосу оюлуп кеткен. Айылдагылар эртерээк жеткиси келишсе ушул жолго салышат. Кыя жолду ашсаң бүттү, адырларды айланып отурбайсың, барчу жериңе жеткирчү түзгө түшөсүң. Мына ошол кыя жолго экөө түштү.

“Алдыдагысы – эркек, кечээ эле боз бала эле, эми минтип жол баштап отурат. Бала десе да болот, жигит десе да болот. Мингени кыядагы өр жолдо чарчабачудай ээсин дадил көтөрүп бара жаткан аңги эшек. Эшек – молдонуку. Кечинде эле бир күнгө деп сурап алып, чаркарынын акырына жетелеп келип, алдына бир боо пая салып байлап койгон. Молдо эшегин баласынан артык караса карайт, асти кем карабайт. Жууп-тарап, куйрук-жалын тегиздеп кыркып турат, ошого жараша эшеги да ойдолоп, башка эшектердин жанынан дердеңдеп, таноолору менен көктү бир жыттай коюп өтөт. Анысына молдо ыраазы.”

Айылдагы кадырлуу молдо эшегин мингендер аз, жокко эсе дээрлик. Бакылдаган молдо бир гана баланын энесине гана жок дей албайт. Басса-турса эле аңгырап турган кара эшекти энеси “ээ, ээсин тарткан аңги” деп коёт. Анысын баласы уккан. Бул молдо да кызык киши. Айылда ойноп жүргөн балдарды көрсө чакырып алып башын чертип, чачы өсүп кетсе устарасын алып, арыктагы муздак сууга чала жибиткен башын оорутуп алып кирет. Айла жок балдар туруп беришет. А чачы алынгандарды “башыңы тос” деп какай алат. Какайын бир-эки жолу алдырган балдар жакшы билишет. Көзүнөн мөлт куюлган жашын аарчып, ыйлай албай, күлө албай титиреп туруп беришет. Молдого эмне, ушул устара менен атасынын, абасынын чачын алганын айтып, башын мукугандарды быша элек экен, “бышпаптыр, дагы бар экен” деп коё берет. Айылдагы балдар ошондон улам молдо менен анын айкырчаак кара эшегин жаман көрүшчү. Такай жем-чөпкө багылган кара эшек айыл ичин жаңыртып айкырып жүрсө, молдо болсо учурашкандардын бирин да жөн өткөрчү эмес.

Балдардын заарканганы ошол, азап менен чачын алдырат же башын оорутуп укум жейт. Мокок устара чала жибиткен чачка өтпөй, көзүңдөн жашың куюлду дегиче эмне деген гана сөздөр айтылбайт. Ишин токтотуп «атаңдын гөрү, ити бачча чала баш болуп жүрө бер» дейт. Ким эле чала баш болуп жүргүсү келсин, айла жок чала-була кесилген башын тосуп берет. Чач алынгандан кийин башыңды арыктагы сууга жуусаң – азап ошол. Молдодон тажаган балдар төмөн түшкөндө чачтарачка алдырып келгенин көрсө “пул кетирип” деп кадимкидей капа болот. Ошол молдонун кадырлуу эшегин минип жаңы үйлөнгөн боз бала келинчегин атасынын үйүнө жеткиргени кетип баратат.

Молдонун эшегине жыргал, үстүндөгү баланы оор сезбей кыдындап алдыга озуп кетет. Арттагы кыз – жаңы үйлөнгөн колуктусу. Күйөөсү “кы” дебейсиңби деп коюп узап кетет. Кыздын шаша турган жери жок. Боз эшек ансыз да кылаалап, жалгыз талдын ноодасындай ичке кызды эптеп көтөрүп, кулагын шалпайтып жай келатат. Бу бечара эшекти баланын атасы эркек такай тууса талаага коё берет элем деп жүрөт. А мунусу да өчөшкөнсүп жылда ургаачы тууйт. Кодигин чоңойгондо бирөөлөргө берип иет да атасы кийинки такайы эркек болушун күтөт. Анан да бечара эшекти аябайт. Ким сурап келсе берип иет. Эшектин жаны да бекем болот экен, курсагы жер чийген жаныбар тынып-тынып ичке кызды көтөрүп келатат. Айгыр эшекчен бала кыйла узап кетет, анан токтолуп тигинисин бастыр деп коюп жолун улантат.

“Эшек минген экөө болсо эки күн мурда үйлөнгөн. Кызды төрт-беш аял жүк-пүгү менен көчүрүп келген. Бу кыя жолдон башка да адырларды айланып өтөр түз жол бар. Ошол жол менен алып келишкен. Баланын бир апежелери тапкан. Силерге ылайыктуу деген. Калыңга бир саан, төрт кой берсеңер болот деген. Беришкен. Кызды көчүрүп келгендер бир кой жегенден кийин эле жүктөрүн түшүрүп кете берген. Эки жеңеси калган, «төшөк салдысын», «төшөк жийдисин» өткөрүп кетебиз деп. «Төшөк салдысын» салганы менен «төшөк жийдисине» келгенде эки жеңеси оозун толтуруп аш салып алгандай же окшуй албай, же күлө албай, кызаргандан кызарып үн-сөзсүз калган да, сарт бешимге жетпей «сен көр-мен көр» көздөн кайым болгон.

Алар кетери менен супада отурган апасы менен атасы, чоң энеси, бир жеңелери кажы-кужу боло түшүп, анан баланы чакырган да, энеси айтты:

- Саар тургун да, кызды атасыныкына жеткирип кел!

- Бир-эки күн коё турбайлыбы? – деди өз апасы акырын.

- Болбойт! Апежесинин үйүнө киргизип келе бер! – Энесинин бул кебинен соң башка эч ким унчукпады. – Эл караган бетибизди жер каратты!

Бала да баарына өзү айыптуудай башын жерден ала албады.”

Кыздын кийим-кечегин кичине куржунга салып койгон. Кыя жол өрлөгөн сайын боз эшектин шайы кетип кыз ансайын жайлап калды. Экөөнүн көңүлүн кирдеткен окуя менен табияттын иши не, тоонун гүлдөрү жыт чачып, канаттуулардын сайраганы, саратандын үнү айланага шаң берип турду. Экөөнө ылым санагандай жалгыз торгой учуп-конуп, бир укмуш сайрап кирди. Аны уккан киши жок, кылаалап жай баскан боз эшек бир аздан кийин баспай жолго жатып алды. Эми ал турбайт. Бала келинчегин ээрчитип алыс эмес жердеги булактын боюна алып келди. Ал жерде апасы салып берген загара нанды сууга малып жеди. Кыз тамакка карабады, жерден көзүн албай, терге чыланган кийиминен жүдөп унчукпай отура берди. Жол арбыгыдай эмес. Учкаш десе болбой кыз жөө басып алды. Ошондо көрдү, жаңы алган жары аябай сулуу тура. Бир апта мурда майдалап өрүлгөн чачы кош өрүмгө айланып, алдына таштап койсо көкүрөгүн жаап, кош санды жаап келатат. Бала муну мурда байкаган эмес экен, азыр уурдана карап койду. Акыры чарчады окшойт, кара эшекке учкашты.

“Ансыз да аркага эле сүрүлүп бараткан кыз бир аз өзүн алдыга тартты эле жигит тарашадай эки колу менен кыздын кебездей назик колдорун коомай кармап алып келип өзүнүн белинен өткөрүп ээрдин кашын карматып койду. Эки кол эки жактан баланы кучактай келип, ээрдин кашынан жолукту. Улам эшек өрлөгөн сайын тепкичтенген жерлерден кыздын колу ээрдин кашынан чыгып кетет да, жигиттин бирде жоон санын, бирде ээрдин кашынын жанын кармай калат да, кайра чочуп колун тартып алат. Жигиттин жалаңкат денесине кийген жегдеси менен дамбалы ансайын сыгып алма суу. Анан эле кыздын топтой тоголок, кебездей жумшак, көкүрөгүнөн чыга калган кош алмасы жигиттин далысына тийип, тийген жерин чок баса калгандай өрттөп барат. Алдыдагысы арттагысынын колун андан бетер бекем кысып, денесине оролотот. Анткен сайын кыз жигиттин этине эт боло жабышып, чокко кактап, куйкалап алат. Алдыдагысы да, арттагысы да көлкүлдөп жибип барат. Ээрдин кашы бир жагынан өйкөп, бир жагынан кыздын колу аялуу жерине тийип кетип жигит өзүнчө эле кыйнала берди. Кыйнала берди да, бир убакта бүт бадени титиреп барып, көзү ымыр-чымыр караңгылашты. Жаны жыргай түштү.

- Мен азыр, - деди жигит эшегинин ээрин аттабай бир тарабынан эле сыйгыланып түшүп”.

Бала кеткенден кийин кыз “эшектин ээрине минди. Ээрден көйнөгүнө бир жабышкаак нерсе чапташты. Жийиркене эшектин тизгинин тартып токтотту. Үзөңгүнү тээп түшүп куюшканы бошоп калган экен аны оңдоду, басмайылын кайра тартты, тердиктерин түздөдү.” Бирок, тигиниси келбеди. Кабатырлана баштады. Экөөнүн бир төшөккө жатканына эки күн боло элек. Мурда-кийин көрбөгөн. Улуулар тий десе тийип, ал десе алып, бирин-бири жакшы биле элек болчу. Карабайсыңбы эми минтип ээн жерге алып келип таштап кетип атса коркот да. Кыз эшекти топ шыраалжынга казыкбооч кылып байлап баланын артынан ылдыйыраак барса анысы булактын суусуна түшүп атыптыр. Экөө тең уялып кетишти. Анан бала кызды да сууга жуунуп алганга буйруду. Тиги суудан чыкканча жолдо жатып калган эшегин тургузуп айдап келмей болду. "Дем алып калгандыр", деп басып кетти.

“Кыз суунун боюнда кыйла турду. Суудан ак таштарды терип колуна үйдү да, кайра эле жайына ыргытты. Өмүрү мындай жерде чечинип көрбөгөн жаны адегенде маасысын күч менен булкуп чечип, пайтабасынын оромун бузуп, ыштан пайчасын көтөрүп, кызыл ашыкка чейин суу кечти, анан шалбарын тизеге чейин өйдө кылды да бир сыйра жууду, кийин улам өйдөлөп аппактан аппак балтырларына суу тийгизди. Суу жер астынан кайнап чыгат экен. Оргуштайт. Тукум жыты бар. Дал ошол убакта ичинен бир ызалык булкунуп чыкты. Өпкөлөп ыйлап жиберди. Неге бул үйгө келин боло албай калды? Неге бул бала эки күн түнөтүп кайра алып кетип жатат? Анын айыбы эмне эле? Же бир эркек аттууга жакындабаса, же... Ыйлай берди... Ыйлай берди... Көзүнүн жашы сууга тамчылады. Көйнөгүн да чечип ыргытты. Жалаң ыштанчан калды...”.

Ошол убакта төмөндөн боз эшекти айдаган бала көрүндү. Кыздын кымырынып-кымтыганга шайы келбей турган. Эми уяла турган, кымсына турган эч нерсеси жок эле. Алып келишти, эми алып кетип жатышат. Карасаң, бираз эс алганганга салык курсак эшеги кыйла тыңып калган экен, кыдыңдап келатканын. Аны көргөндө шыраалжынга чала-бучук байланган кара эшек жерди бузуп айкырып, баланын тосконуна, кой-ай дегенине карабай, так экөөнүн жанында айбандык ишин жасап ийбеспи.

“Куду ошол убакта бала да сууга жуунуп аткан кыздын жанына шыпылдай элеп-желеп болуп келе калды. Анын денесинин ачышканына карабады. Аябады. Кекилик сойгондо чыккандай каны тамган ыштанын көтөрүп алып, кызга айтты:

- Кайттык! Айылга кайттык!

...Тоо жактан ылдый түшүп келе жаткан эшекчен экөөнү – жигит менен келинди карап кыштактыктар ооздорун ачып турду...”.

Эки күндөн кийин ошентип касиеттүү ысык булактын боюнда экөө аялы-күйөөсү болушту. Коштоп келген жеңелеринин жаштыгынанбы же экөөнүн балалыгынанбы, боз адырлардын арасында эки жаныбардын көз алдында боз бала менен чибек кыз турмуштун бир катаал сыноосунан өтүштү. Калганын көрө жатышар.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG