Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:52

Чырбаш балбандын баяны


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз аңгемесинин классикасынан Калчоро Көкүловдун “Чырбаш балбаны” тууралуу кеп кылабыз.

Дөшү жана барскан

Айыл жеринде бирине экинчиси окшобогон калаты адамдар жашайт. Чырбаш балбан ошондой өзгөчөлүү адамдардын бири, “тулку бою коргошундан куйгандай болгон чымыр киши". Зоңкоюп бою узун, МТСте темир уста.

Илгери социализм заманында МТС - машина-трактор станциясы болор эле. Колхоздун кара жумушунун баары ошол МТСтин мойнунда болчу. Эрте жаз кош башталып, күзүндө эгин жыйнамайга чейинки түйшүк трактирчилердин иши эле. Техника болгондон кийин бузулат, анын оңдоо жумуштарынын кыйласы темир устага тийчү. Чырбаш балбан “качан барба маңдайынан мончоктоп тер кетип, дөшүдөгү темирди камырдай ийлеп” атчу. Керелден кечке эрмеги ошол, жалындаган кыпкызыл темирди ийге келтирип, керектүү буюмдарды жасап салчу. Алибеттүү балбан менен азилдешкен адам да аз эле, көбү коркчу. Бир мүнөз уста учурашканда эле колун катуу кысып койсо кыйласынын жаны көзүнө көрүнчү. Ошондон айылдагылардын көбү устаны көргөндө жүрөксүп турушчу.

Тыным албаган устанын Токтосун деген балкачысы бар. Чачы жок таз, бирок эбиреп оозу тынбай, кайсы бир окуяны кызыктуу кылып айтуунун кыныгын алган тамашакөй жан. Токтосундун оозеки аңгемелеринин көбү Чырбаш уста жөнүндө. Кызыктын баарын ушул кишиден угасың.

“Чырбаш балбан илгери аскерге барыптыр. Сибирдин кайсы бир жеринде кызмат кылат экен. Ал жакта күн кычырап суук эмеспи. От көп жагылат. Күндө эртең менен командир орус жигит Чырбашка отун жардырат имиш. Таштай катуу Сибирдин карагайы менен кайыңы балтага анчейин моюн бербей, отун жарган кишинин кыйла күчүн алары турган иш. Бирок өгүздөй күчтүү Чырбашка кайдан туруштук берсин, чапкан эле жерден ажырап-ажырап түшүп калат экен.

Эртең мененки тамакты ичкенден кийин эле ошол орус командир Чырбаштын колуна балтаны карматып: – А нука чурбан, давай начинай! - деп далысынан таптап, күлүп коет имиш.

Орусча бир ооз билбеген Чырбаш дардая түшүп, күчүнүн болушунча отунду койгулап калат дейт. Тигинин шылдың сөзүн “мактап атат. Кана балбан, баштай бер” деп түшүнөт экен да.

Бир күнү анан, кошо кызмат кылган казак бала тигил командирдин Чырбашты шылдыңдап кордогонун түшүндүрүп коюптур. Эртеси баягы сөзүн баштаганда эле Чырбаш тигини ээктен ары керилип туруп урган экен, чиңкилдек атып барып, алда кайда түшүптүр. Ошондон кийин ал жердегилер Чырбаш менен эсебин билип сүйлөшүп калышкан имиш".

Токтосун таз чын-бышыгы белгисиз ушул аңыз кепти укмуш кылып сүрөттөп айтат. Аны уккандар чын эле ушундай болгондур деп ишенип калышат. Айрыкча мадырабаш балдар. Балдардын алдында Токтосун таздын ачылып кетмейи бар. Анын жалган-чыны аралаш аңгемелерин балдар кызыгып угушат. Дагы айтса экен деп, ар бир сөзүнө ишенип дымып калышат. Балдар Токтосундун аңгемесин укканы эле устаканага барышчу. Бир түстүү иштен тажайбы же эрмек болуп берейин дейби, кээде Токтосун балкасын жазем шилтеп, чарчаган киши болуп калат. Анын ажыкыстанып атканы менен иши жок Чырбаш балбан “эс аласыңбы?” дейт. Токтосун болсо эч нерсе болбогонсуп “ойлонуп кеттим” деп коёт. Чырбаштын аны менен иши не, эч нерсе болбогондой ишин улантып, көнүмүш жумушун жасай берет. Токтосун чоң иш кылгансып жарданган балдарга көзүн кысып коёт. Токтосун балдардын жакын адамы, анын тамашасын угуш үчүн аны-муну сурап, көчөдөн учурап калса бура бастырышпайт. Жөн сөзү деле балдарга тамаша.

- Ой сен, орустан аял алган турбайсыңбы, - дейт Темишти карап.

- Жок, менин аялым жок, - дейт Темиш элейе калып.

- Кантип аялың жок. Тигил Никалай радистин кызын алыптыр деп укпадымбы. Өзүң бир ооз орусча билбесең, аялың менен кантип сүйлөшүп атасың? - деп тамашаны андан ары улайт. Ошентип атып эле баарыбыздын боорубузду эзип коет. Таппаган сөзү жок.

Бир күнү чоң жол менен белесепед тээп келатып жыгылып, чаңга оонап эле жатып калды. Ал кезде айылдын жолдорунун чаңы да бир укмуш эле. Борпулдаган майда топурак бурр дей түшүп, бир топко дейре туман болуп туруп калмайы бар. Белесепети бир жакка кетип, башындагы калпагы башка жакка учуп, өзү чаңдан көрүнбөй калды. Аялдабай жетип барып, алыбыздын келишинче жөлөп-таяп тургузуп атсак бизге карап:

- Т-у-у-й, ата. Аз жерден жыгылып кала жаздабадымбы, - дейт анан да. Кыраан каткы күлдүк. Жыгылганда да оңбогондой жыгылып алып, анан айтып турган сөзү бул. Кантип күлбөйсүң".

Бала кыял Токтосунду баары жакшы көрүшөт. Чырбаш балбан да анын жоруктарына терикпейт. Темир устанын балбандыгы жөнүндө ар кыл кептерди угушканы менен балдар даңазалуу адамдын өнөрүн көрүшө элек болчу. Андай учур да болду. МТСтин устаканасына жакын жашаган Арстаке деген киши той берип, оюн-зооктору башталып кетти. Күрөшкө Арстакенин “жээндериненби, же кайнилери тараптанбы, Шерикбай деген башка айылдык балбан ортого чыкты.” Орто бойлуу кагелес балбан буга чейинки сынактарга катышып, чоң байгелерди алып жүргөн киши экен. Ошол Шерикбай балбан Чырбаш балбан чыгарын укканда күрөшпөстүгүн айтып ортодон чыгып кетип атпайбы. “Ага алым жетпейт. Байгеңерди Чырбашка бере бергиле” деп макул болбой койбодубу. Аны балдар да көрүштү.

Чырбаш балбан чоң байгени алып, Шерикбай мага чамалаш киши тапкыла деп турганда ортого Токтосундун чыгышы баарына жаңылык болду. Токтосунду Шерикбай балбан тез эле жамбашка алып көтөрүп чаап таштады. Жыгылган күрөшкө тойбойт болуп Токтосун кайра ынтылып чыгайын деп атканда Чырбаш барып экөөнү ажыратып, балкачынын ыргып кеткен эки өтүгүн колуна берип кийгизип, топтун арасынан ээрчитип чыгып кетти. Бул окуя деле тез эле унутулду.

Цирк

Балдар Токтосундун тамашаларын угуп анан айылга артисттер келиптир десе сүйүнүп, коңшу айылга чейин барышып тамаша көрүп, жыргап жүрүштү. Апыл-тапыл орното койгон сахнадан байкагандарын бири-бирине айтышып, бир оюнду улам-улам көргөнүнө деле ыраазы болуп жүрө беришти. Анан бир күнү клубга тирукмуш жарыя - “Кыргыз эл баатыры Шералы Атбасаров” деп жазылган плакат илинип калды. Бир укмуш алп кишинин сүрөтү, анын чынжырга байланган “Волганы” тиши менен сүйрөп баратканы, анан да ошол “Волганын” тигини тебелеп өтүп баратканы - буга чейин көрбөгөн шумдук жарыя илинип калбаспы. Балдарга той түшүп эле калды. Чыныгы балбан качан келет экен? Уйку жок, таң атпайт да кеч кирбейт.

Акыры күткөн күн да келди. Клубду биринчилерден болуп балдар ээледи. Жеңил машинени оюнчуктай сүйрөгөн нака балбан кандай болду экен? Чырбаш балбандай узун бекен же Шерикбай балбандай орто бойлуу кагелес немеби? А бирок балбандын дарек-дайыны билинбеди. Оюн башталарда тыржыйган орус киши мышыктай маймылы менен элдин көңүлүн буруп жүрдү.

Кечке маал айылдан эч ким калбай, оюн коюлчу жерге чогулган. Балбан болсо жок, эрикпеген жалгыз арык орус киши маймылы экөө аркыл жоруктарды көрсөтүп, баары ошого кыраан-каткы. Акыры макталган балбан да сахнага чыкты. Жылтырак көйнөк кирген кымча бел кыздар сахнанын четине тизиле калып, ары жактан керней-сурнайлар бапылдап, айлана шаңга бөлөнө түштү. “Шералы Атбасаров” деген шаңдуу жарыя кулак тундуруп, анан барып бел кырчоосуна чейин чечинген балбан эки колу менен эки гирди чимирилте ыргытып, кайра тосуп алып, бир башкача сүр менен эл алдына чыкты. Ал чыгары менен жылтырак көйнөкчөн сулуу кыздар сүлкүлдөй бийлеп, сахна шаңга бөлөнүп турду.

Шералы Атбасаровдун оор гирлерди жеңил ыргытып тосуп алып, аны жалтылдак көйнөкчөн кыздар бий менен коштоп жатышы айылдыктардын оозун ачырды. Ушундай да балбан болот экен ээ! Жанагы маймыл көтөргөн орустун өнөрү жөн эле бир нерсе экен. Мына өнөр. Сахнанын артында турган алып баруучу айтылуу балбандын атын аваз кылган жерлер көп экенин, аны барктап-баалап тосуп алчулар арбындыгын кайталап айтып, мемиреген айыл түнү бул ирет шайыр-шаңга бөлөндү. Балдардын болсо чечекейи чеч, балбандын ар бир кыймылына арбалып чук этпей отурушат.

“Утур бирден көтөрүп чыгып атып балбандын тегерегине гирлер толуп кетти. Чоң кичинеси, оор-жеңили болуп олтуруп жайнап калды тим эле. Оордун ооруна, чоңдун чоңуна да тигиниң карай турган эмес. Кайра ошол оор дегендерди экиден үчтөн кылып кошоктоштуруп, жибек жипке байлап алып эбелектей көтөрөт десең, түгөт. Жөн эле көтөрбөйт: гиря таштар чырмай байланган бышык жипти бирде бармагына, бирде ортонуна, кайра туруп чыпалагына илип алып түрлөнтүп, оштонтуп көтөрөт.

Мына атаң гөрү! Чыныгы балбан деп шуну айт! Клубдагылар кут эткенге дарманы келбей дымып турат. Бир гана белине жашыл шайыдан белбоо тартынган Кыргыз эл баатыры Шералы Атбасаров өзбөк чалымы менен сүйлөп: "Мына бул гиря мынча пуддук, бул болсо анча пуддук", - деп утур бир өнөрдүн кырын чыгарат. Бул дүйнөнүн жалгыз алпы Шералы Атбасаров! Жалгыз тиреги Шералы Атбасаров! Дүйнө Шералы Атбасаров бар үчүн аңкилдек атып кетпей кармалып турат! Шералы Атбасаровдун амирине добулбас кагылат! Шералы Атбасаровдун эрдигине кернай тартылат! Шералы Атбасаровдун урматына алакан чабылат! Алп болбосоң кое кал да, шер болбосоң кое кал!”

Оюн кызып, тамашакөйү элди күлдүрүп, Шералы Атбасаров оор темирлерин жеңил-желпи ыргытыштан тажады окшойт бир маалда кызык жарыяны баштады. Оор гир ташты башынан ашырып ким көтөрө алат, деп суроо койду. Ортого намыс иши келгенде дуулдап ийчү көпчүлүк “Чырбаш! Чырбаш!” деп кыйкырып калышты. Сахнага чыгып сом темирди көтөрмөкчү болгон балбан гирди көкүрөгүнө чейин да алып бара албай, уят каны жүзүнө тээп секиден жерге түшүп кетти. Ишенген балбаны ишке жарабай калганын көргөн Шералы балбан “дагы ким чыгат” деп турганда “МТСте ширетүүчү болуп жүрчү Саня деген орус жигит ортого чыга калса болобу.” Ошол тыртайган арык Саня ишке жарады, зылдай оор темирди эки ирет башынан ашыра көтөрүп жерге койду. Айылдыктар, өзгөчө жаш балдар ошондо катуу сынышты. Нукура балбан деген Чырбаштын сом темирди көтөрө албай койгону көбүн таң калтырды.

А көрсө темир көтөрүш үчүн ыгын билиш керек экен. Жанагы Шералы Атбасаров жалаң ошол сом темирлердин арты менен атагын чыгарып жүргөн бир оюнчу экен. Чырбаштай болуп азоо аттардын шыйрагын кыймылдатпай капшыра кармап, орус така” кагыш анын колунан келбейт болуш керек. Ар ким өзүнүн ишин, өнөрүнүн ыгын билет тура. Ошол мадыра баштардын бири эрезеге жетип шаардык болуп калгандан кийин айылга барып Чырбаш балбандын жайын сураса ал киши дүйнөдөн өтүп кетиптир. Айылдаштары “бир баласы болуш керек” дешет. Атасын тарткан балбан чыкса баласын эстешмек.

Кайран Чырбаш балбан унутулуп бараткан экен...

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG