Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

БУУнун баяндамачысы Кыргызстанды укук коргоочу Рузиевге куугунтукту токтотууга үндөдү


Камил Рузиев. Архивдик сүрөт.
Камил Рузиев. Архивдик сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) атайын баяндамачысы Мэри Лолор Кыргызстандын бийлигин укук коргоочу Камил Рузиевге карата куугунтуктоону токтотуп, ал айтып чыккан мыйзам бузуу фактыларын иликтөөгө чакырды.

Женевада өткөн жыйында сүйлөп жатып ал Рузиев күч түзүмдөрүндөгү кыйноолорду жана алардын ишиндеги кемчиликтерди ашкере кылгандан кийин куугунтукка кабылганын айтты.

«Кыргыз бийлиги Рузиев боюнча соттук териштирүүнүн адилеттигин камсыз кылып, ал жана башка да укук коргоочулар кабылган ырайымсыз мамиле тууралуу билдирүүлөрдү кылдат иликтеши зарыл” деп айтты БУУнун баяндамачысы.

Камил Рузиев Караколдогу «Вентус» уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү. Былтыр укук коргоочу "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына алынган. Кийинчерээк анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган. Рузиев бул иштерди анын укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн өч алуу деп эсептейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG