Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Таластагы жол кырсыкта эки өспүрүм каза болду


Таласта болгон жол кырсыгы. ӨКМ тараткан сүрөт.
Таласта болгон жол кырсыгы. ӨКМ тараткан сүрөт.

17-декабрь күнү Талас районунун Чат-Базар айылындагы Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолундагы кырсыктан 13 жана 14 жаштагы эки өспүрүм каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" 18-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, "Мерседес Бенц" үлгүсүндөгү жеңил унааны айдап бараткан 14 жаштагы бала рулду башкара албай жол четиндеги түркүктү сүзүп, жеринде каза болгон. 13 жаштагы жүргүнчү тез жардам унаасында үзүлгөн. Айрым маалыматтар боюнча, өспүрүм атасы үйүндө жок кезде унааны айдап кырсыкка кабылган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл тогуз айда 5 437 жол кырсыгы катталып, 600гө жакын адам көз жумду. Жабыркагандардын саны сегиз миңден көп. Жол кырсыктары 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 30% көбөйгөн. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG