Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:40

Капитолийге чабуул жасаган адам беш жылга кесилди


(Ортодо) Капитолийге жарым жылаңач чабуул жасаган Жейкоб Ченсли үч жарым жылга кесилген.
(Ортодо) Капитолийге жарым жылаңач чабуул жасаган Жейкоб Ченсли үч жарым жылга кесилген.

Капитолийге жасалган чабуул боюнча Флорида сотунун өкүмү угузулду. Сот АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын тарапташы Роберт Палмерди беш жыл үч айга кести. Ал 6-январдагы чабуул учурунда полиция кызматкерлерине тактайды жана өрт өчүргүч баллонду ыргытып, кол салгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Өкүм жума күнү угузулду. 54 жаштагы Роберт Палмер кылган иши үчүн өкүнөрүн айтты. Айыптоонун версиясы боюнча Палмер ушул жылдын 6-январында Капитолийдеги окуялар учурунда Конгресстин батыш тарабындагы эшигин кайтарып турган полиция кызматкерлерине жыгач тактаны ыргытып, андан соң аларды өрт өчүргүч менен качырып, кийин бош баллонду да полициячыларга ыргыткан.

Январда орун алган окуялар боюнча Палмер менен кошо дагы 700 кишиге айып угузулган. Чабуул учурунда ондогон полиция кызматкери сабалып, жараат алган, беш жаран каза болгон. Капитолийге келтирилген зыяндын көлөмү 1,5 миллион доллар деп бааланган.

Палмерге чейин Жейкоб Ченсли 3,5 жылга кесилип, бул иш боюнча катаал өкүм алган деп эсептелген. Капитолийге жарым жылаңач болуп чабуул жасаган Жейкоб январдагы окуялардын эң эле таанымал каарманы болуп калган.

АКШдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, бирок утулуп калган мурдагы президент Дональд Трамп январдын башында митингде сөз сүйлөп, шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганын айтып чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG