Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Жапониялык туристтер космостон кайтып келишти


Жапониялык ишкер-миллиардер Юсаку Маэзава Жерге кайтып келгенден кийин, 20-декабрь, 2021-жыл.
Жапониялык ишкер-миллиардер Юсаку Маэзава Жерге кайтып келгенден кийин, 20-декабрь, 2021-жыл.

Эл аралык космостук станцияда 12 күн өткөргөн жапониялык эки турист Юсаку Маэзава жана Ёдзо Хирано орусиялык космонавт Александр Мисуркин менен чогуу Жерге кайтып келишти. Алар отурган капсула Казакстанга ийгиликтүү конгонун, туристтик максаттагы "Союз МС-20" кемесинин каттамы аяктаганын "Роскосмос" 20-декабрда билдирди.

АКШнын космостук агенттиги - НАСА да жапониялык жарандар менен космоско ушуну менен үч жолу учкан орусиялык астронавт Жерге кайтып барганын маалымдады.

Космонавт Мисуркин, жапониялык ишкер-миллиардер Маэзава жана анын видео продюсери Хирано 8-декабрда Казакстандагы "Байконур" космодромунан учуп чыгышкан. Алар 2009-жылдан бери өз жолун өзү төлөп, Эл аралык космостук станцияга барган алгачкы туристтер болуп калышты.

1990-жылы жапониялык журналист Тоёхиро Акияма "Мир" станциясына учуп барып келгенден бери космонавтикага тиешеси жок жапон жарандары биринчи жолу космоско учуп жатышат.

Алар Эл аралык космостук станциядагы чайды кантип ичип, тишти кантип жууш керек деген сыяктуу күнүмдүк турмуш-тиричиликти жана астронавттардын жашоосун YouTube порталындагы Маэзаванын каналына чагылдырып турушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG