Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Июнь окуясы: Текебаев менен Дүйшөбаев сурак берип чыкты


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурага сурак беришти. Бул тууралуу эки саясатчынын жакындары билдиришти.

Өмүрбек Текебаев 17-декабрда эки сааттай сурак бергени белгилүү болду.

Парламенттик шайлоодон кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев июнь окуясы, Дача СУ конушуна учактын кыйрашы, “Аврора” пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан чыгаруу сыяктуу кылмыш иштери боюнча тергөө уланып жатканын, жакында коомчулукка маалым болорун билдирген.

“Аврора” пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан чыгаруу, 2017-жылы "Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна учактын кулашы жана 2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу иштерди кайра иликтөөнү президент укук коргоо органдарына тапшырган болчу.

Парламенттик шайлоодон кийин Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурага сурак берип чыккан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG