Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Гаипкулов: Мамлекетке пайдасы жок мекемелерди саткыла


Искендер Гаипкулов.
Искендер Гаипкулов.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Искендер Гаипкулов мамлекеттин карамагында эч кандай пайда алып келбей турган мүлктү сатып, андан түшкөн каражатты бюджетти толтурууга жумшоону сунуш кылды. Депутат бул сунушун бүгүн, 15-майда фракция жыйынында өкмөт мүчөлөрүнө айтты:

«Мисалы, Ысык-Көлдө «Аврора» пансионаты бар. Ал «Аврора грин» деген бир бөлүгүн 10 млн. сомго ижарага берген. Бул акча бюджетке эмес, «Аврорага» түшөт. «Аврора» аны айландырып, 100 млн. сом пайда табат да, болгону 5 млн. сом киреше көрсөтүп жатат. Анын ичинен 1 млн. сом гана казынага түшүп жатат. Бүгүн ал эсептелүү аткаминерлердин тууган-урук, жакындарынын пайдасына, ден соолугуна, чөнтөгүнө иштеп жатат. «Аврорада» жалаң ошо чоңдордун тууган-уруктары дарыланып, жашап жүрүшөт. Өздөрүнүн акчасына эмес, мамлекеттин акчасына».

Искендер Гаипкулов ага улай эле Бишкектеги «Кыял» базары, «Караван» соода борбору сыяктуу бюджетке кирешесинен чыгашасы көп ишкана-мекемелерди сатууну сунуш кылды. Депутат мындан тышкары тоо кендерин иштеткен ишканаларга берилген жеңилдиктерди да кайра карап чыгуу зарылчылыгын да эскертти.

«Ата Мекен» фракциясы бүгүн, 15-майда өкмөттүн 2020-жылга мамлекеттик бюджетке өзгөртүү киргизүү жана келерки эки жылга мамлекеттик бюджетти божомолдоо тууралуу мыйзам долбоорун карады.

Коронавирус пандемиясынан улам быйыл мамлекеттик бюджетке 30,8 млрд. сом түшпөй каларын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева кабарлады. Анын айтымында, өкмөт бул кенемтени жабуу максатында тышкы донорлордон үч багыт үчүн 500 млн. доллардан ашуун акчаны насыя жана грант түрүндө алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG