Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү фонду түзүлөт


Исламабад. 19-декабрь, 2021-жыл
Исламабад. 19-декабрь, 2021-жыл

Исламабадда Ислам кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин Ооганстандагы гуманитардык кырдаал боюнча кезексиз жыйыны өттү. Ага Кыргызстандан да делегация катышканын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Президенттин Ооганстан боюнча атайын элчиси Авазбек Атаханов президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуду.

Анда президент ооган өкмөтү менен анын эл аралык коомчулукка интеграцияланышы, курч социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча ырааттуу ишти улантууга чакырган.

Жыйында Ооганстандагы гуманитардык кырдаал боюнча резолюция кабыл алынды. 2022-жылдын биринчи кварталында Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү фондун түзүү, азык-түлүк коопсуздугу программасын ишке ашыруу белгиленген. Ошондой эле, Ооганстанга бардык террористтик уюмдарга жана анын түзүмдөрүнө каршы конкреттүү чараларды көрүү чакырыгы камтылган.

15-августта ооган өкмөтү кулап, "Талибан" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) бийликке келгенден көп өтпөй Евробиримдик Ооганстанга жардам иретинде бериле турган каражаттарды убактылуу токтото турууну чечкен. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG