Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Саккараевдин ордуна депутат болуп Жансеитов келиши ыктымал


Чүй облусундагы шайлоо округдары
Чүй облусундагы шайлоо округдары

Жогорку Кеңешке шайлоого №31 Чүй-Кемин округунан катышкан Медербек Саккараевдин ордуна андан кийинки көп добуш алган талапкер депутат болуп келиши ыктымал. Бул маселе Саккараев сотко кайрылса, соттун чечимине байланыштуу болорун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдирди.

"Биз Саккараевдин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алдык. Эми ал сотко бериши мүмкүн. Эгер сот биздин чечимди колдосо, кийинки талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарабыз. Азырынча шайлоо өтпөйт. Казакстандан, Алматыдан бизге анын жарандыгына байланыштуу документ келген. Ал 2006-жылы Казакстандан жарандуулук алган экен, бирок чыккандыгы жана чыгуу жөнүндө кайрылганы тууралуу дагы маалымат бизге бере алган жок", - деди Бекматов.

Шайлоодо Саккараев өз округунан эң көп добуш алган (9 906). Бул добуш бергендердин 24% түзөт. Тынайбек Жансеитов 8 551 (21,4%) добуш алып, саясий мелдеште экинчи орунду алган.

БШК 18-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке шайлоого №31 Чүй-Кемин округунан катышкан Медербек Саккараевдин талапкер кылып каттоо чечимин жокко чыгарган.

Боршайкомдун маалыматына караганда, Саккараев депутаттыкка талапкер болуп 11-октябрда расмий катталган, бирок башка өлкөнүн жараны эместиги тууралуу так маалымат көрсөтө алган эмес. Ал Казакстандын жараны экени жөнүндөгү арыздар БШКга Саккараевдин шайлоодогу атаандаштарынан келип түшкөн.

Медербек Саккараев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин сотко берди. Сот 21-декабрда Бишкектин административдик сотунда каралат.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система менен өттү. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми парламентте 90 гана болот. Алардын 54ү партия менен, 36сы өз алдынча шайланды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG