Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Филиппиндеги тайфун 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алды


Филиппиндин Талисай шаарындагы тайфундун кесепети, 17-декабрь, 2021-жыл.
Филиппиндин Талисай шаарындагы тайфундун кесепети, 17-декабрь, 2021-жыл.

Филиппиндеги "Рай" тайфунунан каза тапкандардын саны кеминде 208 кишиге жетти. Бул соңку бир жыл ичинде Түштүк Чыгыш Азиядагы аралдардын тобунан турган бул мамлекетке зыян алып келген эң кубаттуу тайфун болуп калды.

Улуттук полициянын өкүлдөрү 20-декабрда билдиргендей, жаратылыш кырсыгынан 240тай адам жараат алды жана кеминде 52 кишинин дайыны чыкпай жатат. Тайфун бир нече шаар жана провинциядагы байланышты үзгүлтүккө учуратты.

Кырсыктан эң көп жабыркаган аймактарга кошумча күчтөр жөнөтүлдү. Аман калган тургундар таза сууга жана тамак-ашка муктаж экенин айтып жатышат.

Кызыл чырым уюму билдиргендей, "Рай" тайфуну Филиппиндин деңиз жээгиндеги аймактарга көбүрөөк зыян алып келип, турак жайларды, мектептерди жана ооруканаларды кыйратты.

Филиппиндеги катуу шамал 17-декабрда башталып, ылдамдыгы саатына 195 чакырымга жеткен. Адамдардын өлүмүнө кулаган бак-дарактар, шамал менен коштолгон сел жана жер көчкү себеп болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG