Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:59

Азиз Суракматовго карата козголгон кылмыш иши сотко өттү


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жиберилди. Бул тууралуу баш калаанын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, алгачкы сот отуруму 27-декабрга белгиленди.

Азиз Суракматов "коррупция" жана "мыйзамсыз баюуга" шек саналып, 2021-жылдын 26-майында кармалган жана соттун чечими менен эки айга атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

16-июлда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллион сомун кайтарып берип абактан чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал калган каражатты да төлөй турганын билдирген.

Азиз Суракматов Бишкек шаарын 2018-2020-жылдары башкарган. Былтыр октябрь окуяларынан кийин кызматтан кеткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG