Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Түркия: жасалма арактан 48 киши ууланды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

17-декабрда Стамбул шаарынын администрациясы 22 киши жасалма аракка ууланып каза болгонун, алардын арасында түркмөнстандык жана өзбекстандык, жалпысынан 11 чет өлкөлүк бар экенин кабарлаган. Өлгөндөрдүн саны дүйшөмбүдө 48 кишиге жетти.

Түрк маалымат каражаттары жасалма аракка ууланып каза болгондордун арасында Стамбул шаарында иштеген өзбекстандык 52 жаштагы Дилара Атажанова бар экенин жазышты. Маркумдун курбусу өзбекстандык Акгүл Кылыч жергиликтүү "Ихлас" кабар агенттигине, алар жашаган аймакта мигранттар жыш отурукташканын, жасалма арак сатып алуу оңой экенин айтты.

"Курбумдун баласына той беришмек. Ал мекенине бара албай Стамбулда калган. Көр оокаттын айынан баарыбыз ушул жакта иштеп жүрөбүз. Курбум жасалма арак ичип каза болду. Аны бардык жерден сатып алса болот. Кичинекей суунун шишелерине коюп сатышат. Өзгөчө Стамбулдун Эсенюрт аймагында кеңири жайылган. Анткени дал ушул жерде чет өлкөлүктөр көп жашайт. Өзбекстандык, түркмөнстандык, кыргызстандык мигранттар дем алышта дал ошол жасалма арактардан ичишет".

Ал айтып жаткан Эсенюрт аймагында өткөн аптада түркмөнстандык Жаборкул Рахмонов да жасалма ичимдикке ууланып каза болгону кабарланган. Шаардык полиция бул окуя боюнча тергөө жүргүзүп, каза болгон түркмөнстандык мигранттын аялын суракка алган. Ал күйөөсү бир күн мурун ошол эле райондо жайгашкан түркмөн кафесинен арак сатып алганын айткан. Жергиликтүү маалымат каражаттары, полиция айтылган кафени текшерип, ичинде жасалма арак куюлган 30 шише табылганын, эки түркмөнстандыкка кымыш-иши козголгонун жазды.

Түркиядагы шарап саткан дүкөн. 2020-жыл.
Түркиядагы шарап саткан дүкөн. 2020-жыл.

Ал эми Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу "Азаттыкка" бул каргашада каза болгон кыргызстандыктар жок экенин билдирди.

Дүйшөмбүдө түрк маалымат каражаттары кабарлагандай, Түркиянын 10 шаарында акыркы бир жумада 48 киши жасалма арактан көз жумду. Түркиянын Ички иштер министрлигинин Аткезчилик жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы өлкө боюнча атайын операция жүргүзүп, миңден ашык даректи тинтиген. Мамлекеттик "Анадолу" агенттиги бул операцияда жалпысынан жүздөн ашык жаран шектүү катары кармалганын кабарлады.

Ал арада спирттик ичимдиктин бардык түрү ден соолукка зыян экенин белгилеген оппозициячыл - Республикалык элдик партиясынын (CHP) депутаты Гүрсел Текин алкоголдук ичимдикке коюлган салыктын көлөмү каргаша окуяларга алып келип жатканын Твиттерде жазды.

"Бул абалдын негизги себеби, алкоголдук продукциядан алынган салыктын көлөмү. Бюджеттин таңкыстыгы арак ичкендердин эсебинен жабылбаш керек. Алкоголдук ичимдиктерге болгон жогорку салык жасалма арак өндүрүүнү күчөттү. Кардарлардын чөнтөгүнө ылайык баага сатууга мүмкүндүк бере турган жобону аныктоо зарыл".

Белгилей кетсек, 2021-жылы Түркияда алкоголдук ичимдиктерге салынган салыктын көлөмү 35% түзгөн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2018-жылдагы маалыматына ылайык, Түркияда бир жылда киши башына 1,4 литр алкоголдук ичимдик туура келет. Ал эми Францияда 12,33, Германияда 12,91, Орусияда 11,19 жана АКШда 9,87 литр көрсөткүч эсептелген. Деген менен Түркиянын Статистика комитетинин 2019-жылдагы маалыматына ылайык, өлкө калкынын 74,4% өмүрүндө бир да жолу спирт ичимдиктерин татып көргөн эмес.

Ал эми былтыр 19-мартта Стамбулда түркмөнстандыктар жапырт ууланганы белгилүү болгон. Түркиянын CNNTurk телеканалы жасалма арак ичип, көз жумган 53 киши Түркмөнстандын жарандары экенин кабарлаган. 60тай киши Стамбулдун ооруканаларына жаткырылып, көпчүлүгүнүн абалы оор экени маалым болгон.

Түрк маалымат каражаттары кабарлагандай, түркмөн мигранттарынын көбү коронавирустан коргонуу үчүн колго жасалган арак ичишкен. Түркмөн активисттери быйыл Түркияда арактан ууланып өлгөндөрдүн сөөгү мекенине жетпей бул жакта жерге берилгенин билдиришкен. Буга президент Гурбангулы Бердымухамедовду айыптап келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG