Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Стамбулда 53 түркмөнстандык жасалма арактан ууланып көз жумду


Стамбулда жашаган түркмөнстандыктар, 2017-жыл.
Стамбулда жашаган түркмөнстандыктар, 2017-жыл.

Стамбулда жасалма арактан Түркмөнстандын 53 жараны каза таап, дагы 15 киши ооруканада жатат. Алардын айрымдарынын абалы оор. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматынын Стамбулдагы ишенимдүү булактары билдирди.

19-мартта Стамбулда түркмөнстандыктар жапырт ууланганы белгилүү болгон. Түркиянын CNNTurk телеканалы жасалма арак ичип, 15 киши көз жумганын, алардын көбү Түркмөнстандын жарандары экенин кабарлаган. 60тай киши Стамбулдун ооруканаларында жатканы, көпчүлүгүнүн абалы оор экени маалым болгон.

Түрк маалымат каражаттары кабарлагандай, түркмөн мигранттарынын көбү коронавирустан коргонуу үчүн колго жасалган арак ичишкен.

Үйдө арак жасаган деген шек менен полиция 11 кишини кармаганы кабарланды. Алардын үйүн тинткенде ири көлөмдөгү жасалма алкоголдук ичимдиктер, мыйзамсыз ок атуучу куралдар, ок-дары табылган.

Өткөн айдын соңунда ушундай эле окуя Иранда болуп, 159 киши каза тапкан. Ирандыктар коронавирустан сактануу үчүн үйдө жасалган арак ичип ууланышкан.

Дарыгерлер алкоголдук ичимдиктер COVID-19 вирусунан сактай албай турганын эскертишет. Тескерисинче алар организмди алсыратып, адамдын абалын оорлоштурат.

XS
SM
MD
LG