Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Түркмөнстан манаттын курсун өзгөртүүнү максат кылууда


Түркмөн өкмөтү улуттук валютанын курсун АКШ долларына карата өзгөртүүнү максат кылууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы Түркмөнстандын Борбордук банкындагы өз булактарына таянуу менен билдирди. Анын айтуусунда, жаңы курс боюнча 1 АКШ доллары 8-10 манат болору күтүлүүдө.

Түркмөнстанда 2015-жылдан бери улуттук валютанын курсу өзгөрбөй, расмий түрдө 1 АКШ доллары 3,5 манат бойдон сакталып турат. 2016-жылдан бери валютаны нак түрдө алмаштырууга тыюу салынган. Андан бери түркмөнстандыктар банк карталары аркылуу гана манаттарын долларга алмаштырып келишкен. Бирок 2017-жылы Түркмөнстандын Тышкы экономикалык банкы чет өлкөдө конвертация жасоого да чектөө киргизген.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, 10-февралда көмүскө валюта рыногунда 1 доллардын наркы 20,2 манатты түзгөн. АКШ доллары кара базарда расмий бекитилген баадан беш эсе жогору турат.

XS
SM
MD
LG