Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Чилиде 35 жаштагы Габриэл Борич президент болуп шайланды


Габриэл Боричтин шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийинки тарапкерлерине кайрылуусу. 19-декабрь, 2021-жыл.
Габриэл Боричтин шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийинки тарапкерлерине кайрылуусу. 19-декабрь, 2021-жыл.

Чилиде жекшембиде өткөн президенттик шайлоону 35 жаштагы солчул саясатчы Габриэл Борич жеңип чыкты. Ал жалпы добуштардын 56% алды.

Анын атаандашы, ашкере-консерватор атыккан Хосе Антонио Каст добуштардын 46% ээ болду. Ал шайлоонун акыркы жыйынтыктары жарыяланганга чейин эле жеңилгенин моюнуна алды.

19-декабрдын кечинде башкалаа Сантьягодо миңдеген жарандар көчөгө агылып, Боричтин жеңишин майрамдап жатышты.

Атаандаштык курч болгон президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгы менен Габриэл Борич Чилинин тарыхындагы эң жаш президент болуп калмакчы.

Кезинде студенттердин акцияларын жетектеп жүргөн Борич Чилиде демократияга басым жасай турганын, өлкөнүн неолибералдык экономикалык моделине чектөөлөрдү киргизерин айтты.

Соңку жылдары Чилиде социалдык теңсиздик жана коррупциядан улам ири нааразылык акциялары өткөн болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG