Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Акаев Кыргызстанга сапарын Путин менен макулдашканын айтты


Аскар Акаев.
Аскар Акаев.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев орусиялык "Московский комсомолец" басылмасына 20-декабрда берген маегинде Бишкекке барардан мурун Орусиянын президенти Владимир Путин менен макулдашканын айтып берген.

Кыргызстанга эки жолу барып, сурак берип келгенден кийин келгенден кийин ага карата "куугунтук токтотулганын", "бардык иштер жабылганын" билдирди. "Эми мага карата эч кандай доо жок, бардык иштер жабылды. Кыргызстандын ар бир жараны сыяктуу каалаган убакта ээн-эркин кирип чыга алам", - деди Акаев.

Ал "Кумтөр иши" боюнча сурак берүүгө президент Садыр Жапаров телефон чалгандан кийин макул болгонун айткан.

"Мен "Кумтөр иши" боюнча күбө катары дагы, айыпталуучу катары көрсөтмө бердим. Бишкекте мага Кумтөр боюнча суроолор берилди. Анткени бул ишкана тууралуу баарынан жакшы билем, 1990-жылдардын башында инвесторду мен тапкам. Башында алар жакшы иштеген. Бийик тоолуу шартта жана көк жалтаң тоңдо кыска үч жыл убакытта Борбор Азиядагы ири алтын иштетүүчү ишкана курулган. Биринчи алтын 1997-жылы алынган. Бирок 2000-жылдары алар кыянаттыкка барып, экологияга чоң зыян келтирди, биздин чиновниктердин бир бөлүгүн коррупцияга батырды", - деген Акаев.

2-августта УКМК тараткан маалыматка ылайык, Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүүдө, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүүдө жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган. Акаев 1-августта Москвадан Бишкекке учуп келип, УКМКда сурак берген.

Ал 2005-жылдагы март ыңкылабын "мамлекеттик төңкөрүш" деп эсептерин, андан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков анын ишин калыс кароого кызыкдар болбогонун айткан. Акаев Кыргызстанга чакырып, анын кылмыш иштерине акыйкат мамиле кылганы үчүн президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирген.

2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин өлкөдөн качып кеткен Аскар Акаев азырынча Кыргызстанга кайтып келүү планы жоктугун да айткан.

Аскар Акаев 14-декабрда "Кумтөр иши" боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келген. 20-декабрда кайра Москвага учуп кетти. Акаев быйыл 2-августта 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. Ал өзү тергөө менен кызматташуунун алкагында кепилдик менен келгенин жарыялаган.

Атайын кызмат кенге байланыштуу бардык келишимдерден коррупциялык фактылар аныкталганын жана мурдагы аткаминерлерге иш козголгонун кабарлаган эле.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд Компани” президенттерди "сатып алганын" далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.

Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан эл ак үйдү алгандан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ошондон бери Орусияда башкалкалап келет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG