Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Бишкекте жалгыз бой энелерге арналган фотокөргөзмө ачылат


Бүгүн, 21-декабрда Бишкекте балдарын жалгыз багып жаткан энелерге арналган "Сен жалгыз эмессиң..." деген фотокөргөзмө ачылат. Ага "Азаттык" радиосунун фотокабарчысы Гүлжан Турдубаеванын жалгыз бой энелердин жашоо турмушун чагылдырган 20дан ашык документалдык сүрөттөрү коюлат.

Турдубаева MediaJasa долбоорунун алкагында "Сорос-Кыргызстан" фондунун жардамы менен октябрь айынан бери Кыргызстандагы жалгыз бой энелердин жашоосу тууралуу бир катар фотобаяндарды жарыялады. Бул долбоордун максаты - жалгыз энелер кабылган көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

Фотокөргөзмө "Дордой-Плаза" соода борборунда 21-24-декабрь күндөрү өтөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 340 миң бала жакырчылыкта жашайт. Алардын көпчүлүгүн жалгыз бой энелер багат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG