Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

"Кыз төрөгөнүм үчүн урчу". Кызыл камчы күйөөдөн качкан Асел

Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.

"Азаттык" Кыргызстандагы жалгыз бой энелер тууралуу кезектеги фото баянды сунуштайт. Биздин каарманыбыз - жалгыз бой эне Асел.

Асел - секелек кезинде эне болгон Кыргызстандагы ондогон кыз-келиндердин бири. Асел 16 жашында ала качууга кабылган. Мектепти толук окуп бүтпөй калган жаш эне үчүн азыр жаңы жашоо баштоо оор болуп турат.

Фотобаян MediaJasa долбоорунун алкагында "Сорос-Кыргызстан" фондунун жардамы менен ишке ашырылды. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен "Сорос-Кыргызстан" фондунун көз карашын чагылдырбайт.

16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG