Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Бишкекте чыккан өрт чектөөгө алынды


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу жана Темирязев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күйүүчү-майлоочу май сакталган кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрт эртең менен саат 8:00гө жакын күйүүчү-майлоочу май сакталган жеке менчик үйдүн биринде чыккан. Өрттөн кошуна жайгашкан үйлөр дагы жабыр тартканы белгилүү болду. ӨКМ учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.

Кыргызстанда жыл башынан тартып үч миңдей өрт кырсыгы катталып, 33дөн ашык киши каза болгон.

Дагы караңыз


Өткөн жылы 2100дөн ашуун өрт кырсыгы катталып, 18 адам каза болгон, 28 киши жараат алган.

Соңку учурда өлкө аймагында өрт көп катталууда. ӨКМ буга үйдөгү мештердин туура эмес курулушу себеп болуп жатканын белгилеп, жарандарды өрт коопсуздугун сактоого, этияттыкка чакырып келет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG