Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 13:40

Акаевдин экинчи сапары: жоопко тартуу талабы


Аскар Акаев УКМКнын имаратынан чыккандан кийин. 2-август, 2021-жыл.

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев "Кумтөр иши" боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эки күн катары менен сурак берди.

Ал ушуну менен 2005-жылдагы революциядан кийин өлкөгө экинчи жолу келип отурат. Биринчи ирет быйыл август айында келип анда да Кумтөр кенине байланыштуу көрсөтмө берип кеткен.

Акаевди жоопко тартуу талабы

Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып 15-декабрда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин астына пикетке чыкты.

Укук коргоочу мурдагы президентти актоо аракети болуп жатканын айтып, "ал мурда кылган мыйзамсыз иштери үчүн жоопкерчиликке тартылбай жүрөт" деп нааразы болду.

Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

"Кыргыз бийлиги Аскар Акаевди кетирип кайра тосуп алып, УКМКда суракка алып айылчылатып жүрө береби? Ал тарыхта кара тамгалар менен жазылып калган саясий инсан. Аксы окуясы, Кумтөр боюнча жооп бериши керек. Аксы окуясы, 2005-жылдагы революция ошол Акаевдин айынан болгон. Шоу кылып, элдин көңүлүн калтырган жарабайт. Бийлик качкын президентти жоопко тартсын".

2005-жылдын март айынан бери Орусияда башкалкалап келаткан Аскар Акаев быйыл 2-августта "Кумтөр иши" боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин 8-августта кайра Орусияга кеткен. 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келди.

Жай айында өлкөгө 16 жылдан кийин келген мурдагы президент атайын кызматтан биринчи күнү сурактан чыгып журналисттердин суроолоруна жооп берген. Анда ал президент Садыр Жапаров менен мамлекеттик резиденцияда жолукканын айтып, мекенине келүүгө шарт түзүп бергени үчүн бийликке ыраазычылык билдирген. Андан ары кичи мекени Кеминге барып, тууган-туушкандары менен жолуккан.

Бул жолу анын келиши, суракка алынышы тууралуу маалымат берилбей жатат. Жакындары гана ал 14-15-декабрь күндөрү атайын кызматта сурак бергенин, бир жумадан кийин Орусияга кетерин кабарлашты. Ал эми Улуттук коопсуздук комитети комментарий берген жок.

Мурдагы президенттин Кыргызстанга утур-утур келиши менен коомчулукта аны жоопко тартуу талабы да күчөп баратат. Бийликке ошондой талапты коюп келаткандардын бири парламенттин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров:

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

"Аскар Акаевич "өкмөт мени алдап туура эмес маалымат бериптир" дегени суу кечпейт. Бул иштин башында Аскар Акаев өзү турган. Анын көрсөтмөсү менен бардык өкмөт иштеген. Кумтөр боюнча келишимдерде кайсы бир чиновниктин кызыкчылыгы болгон болсо, ал Аскар Акаевдин да, анын тегерегиндеги адамдардын да кызыкчылыгы. Коомду, мамлекеттин келечегин бузган адам ээн-эркин келип мамлекеттик резиденцияда президенттин чайын ичип кетип жатканын элди басмырлоо, шылдыңдоо катары эсептейм. Мындан башка айта турган сөз да жок. Тилекке каршы, азыр Кыргызстанда "өлкөгө кандай кыянатчылык кылсаң да жооп бербейсиң" деген түшүнүк сиңип калды. Муну айрыкча Кумтөр боюнча иш так көрсөтүп койду. Жаңы бийлик бирөөнү эптеп камап эле 5-10 тыйын төлөтүп кайра чыгарганы жаман саясат болду. Бул кандай кылмыш кылсаң да чыгып кетсең болот, жолун тапсаң болот деген түшүнүктү жайылтты".

Акаев Кыргызстанга кантип келди?

УКМК августта тараткан маалыматка ылайык, "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон иште Аскар Акаевге издөө жарыяланган.

Ага мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен түзүлгөн башкы келишимди реструктуризациялоодо коррупциялык иштерге барган деген айып тагылган.

Атайын кызмат тергөө Акаевдин бийлиги тушунда долбоорду ишке ашырууда коррупцияга аралашкан бардык күнөөлүү адамдарга укуктук баа берилгенин кабарлаган. Бирок кандай юридикалык баа берилгенин тактаган эмес.

УКМКнын маалыматтарынан Аскар Акаев кылмыш ишин мойнуна алганы менен ага карата айыптоолор иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскартылганын түшүнүүгө болот.

1992-жылкы келишимге байланыштуу Реконструкциялоо жана экономикалык өнүгүү комитетинин мурдагы төрагасы Борис Бирштейнге да коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Экс-премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов жана "Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов кылмыш жасоого шектүү деп табылып, эскертүү берилген. Бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу алар жоопкерчиликтен бошотулган.

Акаевдин президенттик доорунда жогорку кызматтарды аркалаган мамлекеттик ишмер Бекболот Талгарбеков мурдагы президентти жоопко тартуу талаптарына жооп берди.

Бекболот Талгарбеков.
Бекболот Талгарбеков.

"Тергөөнүн негизинде күнөөсү далилденсе жоопко тартылабы же жөн эле жоопко тарта береби? Биз укуктук өлкөдө жашайбызбы же жапайы өлкөдө жашайбызбы?

Ал өзү "Кумтөр" боюнча 2003-жылы өкмөт түзгөн келишим Кыргызстандын пайдасына болбой калыптыр. Мен өкмөткө ишенип коюптурмун" деп айтпадыбы. Жеп-ичип алса жооп бериш керек. Аны болсо тергөө гана аныктайт. Садыр Жапаров "сиз таза болсоңуз келип көрсөтмө бериңиз" деп сунуш киргизген. Аскар Акаев "саясий куугунтук болбосо, адилеттүү териштирүү жүрсө келем" деп келди. Баары укуктук негизде болуп атат".

Аскар Акаев бийлик менен сүйлөшүп алып, Кыргызстанга өз эрки менен келгенин айткан. Улуттук коопсуздук комитети мурдагы президент "алып келинди" деп билдирүү тараткан. Президент Садыр Жапаров болсо октябрь айында жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Акаев өзү байланышка чыкканын айтканы бар.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Бирөөлөр аркылуу "Кумтөр боюнча мен да көрсөтмө берейин" деп байланышка чыккан. Мен "берсин, чындыкты айтсын андан башка нерсе сурабайбыз" дегем. Келди чындыкты айтып берди. Анча-мынча жерден күнөөсүн моюнуна алды. Аны кайрылуусунда деле "мамлекет башчылардан кемчиликтер кетиптир" деп айтпадыбы. Мурда "Кумтөр боюнча эч кандай күнөөм жок" деп айтып жүргөнүн билесиздер. Келип 10, 15, 20 жыл мурдагы жана жакындагы эле документтерди көргөндөн кийин бул кишинин ою өзгөрдү. Бул Кумтөр маселеси боюнча бизге жардам гана берет зыяны тийбейт".

УКМК Кумтөр кенине байланыштуу коррупциялык фактылар боюнча ондон ашык мурдагы жана азыркы аткаминерлерге иш козгогон. Бир топ чиновниктер камакка да алынган. Алар ар кандай шартта тергөө абагынан чыгып отуруп азыр абакта президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаев менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев калды.

"Коррупция деп кыйкырып чиновниктин баарын камап алып кайра биринин артынан бирин чыгарып, аларга түшүндүрмө берилбей жатышы күмөн ойлорду жаратат. Анткени кармалганда "жеп салыптыр, ичип салыптыр" деп кыйкырык сүрөөн болбоду беле. Ошондуктан тергөө талаш жараткан маалыматтарга түшүндүрмө бериш керек", - деди УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев.

Канадалык "Центерра Голд Инк." (Centerra Gold Inc.) компаниясы Кыргызстандагы туунду ишканасы – "Кумтөр Голд Компани" аркылуу Кумтөр кенинде 1997-жылдан бери алтын казат. Алгачкы жылдары Кумтөрдүн үчтөн эки үлүшү же башкача айтканда 67% Кыргызстанга карап турган.

2003-жылы ал 33%, анан 15% чейин түшүп, 2009-жылдагы келишимдерге ылайык кайра 33% жеткен. Кийин "Центерра Голд Инк." кошумча акция чыгаргандан улам Бишкектин үлүшү 26% түзүп калган. Ошол эле убакта Кыргызстан акыркы жылдары акциясы үчүн дивиденддерин жетиштүү ала албай келген.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд Инк." Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп, кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голд Инкти" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG