Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Кумтөрдүн "купуя" ишмердиги


Кумтөр кени. 2021-жылдын ноябрь айында тартылган сүрөт.
Кумтөр кени. 2021-жылдын ноябрь айында тартылган сүрөт.

Кыргызстан Кумтөр кенин өзү иштетип баштагандан бери канча алтын өндүргөнү, тапкан пайда тууралуу бийлик дагы деле маалымат бере элек. Бул маселе Жогорку Кеңеште кайра көтөрүлүп анда да расмий жооп болгон жок.

"Кумтөр Голд" компаниясынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жакында эле Кыргызстан алтынды чет жакка сата электигин билдирип, өндүрүш тууралуу ал да эч нерсе айткан жок. Бул коомчулукта ар кандай күдүк ойлорго жол ачууда. Ал тапта өлкөнүн тунгуч президенти Аскар Акаев "Кумтөр иши" боюнча сурак бериш үчүн Кыргызстанга экинчи ирет учуп келди.

Жашыруун маалымат

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 13-декабрдагы жыйынында депутат Осмон Турдумамбетов Кумтөр кенинен казылып жаткан алтын кайда сатылып же сакталып турганына кызыкты.

“Элди кызыктырган эң негизги маселе Кумтөр болуп атат. Өзүбүз иштетип жатабыз, канча алтын өндүрдүк, канча салык түштү, алтынды каякка, канчадан саттык? Сатпасак кайда сактап жатабыз?”.

Каржы министри Алмаз Бакетаев комитеттин жыйынында ишкана салыкты толук төгүп жатканын айтканы менен анын суммасын тактаган эмес. 14-декабрда Финансы министрлиги “Кумтөр Голд” ишканасы 2020-жылы республикалык бюджетке 9 млрд. 113,7 млн. сом төгүүнү пландап, 9 млрд. 618,7 млн. сом төккөнүн билдирди. Ал эми 2021-жылдын 11 айында казынага 6 млрд. 998,8 млн. сом түшкөн.

Министр ал эми казылган алтын боюнча маалыматы жок экенин, ага "Кыргызалтын" компаниясы жооп берерин айткан. Ошентип, Кыргызстандагы эң чоң өндүрүштүк ишкана, бюджетке эң көп салык төккөн компаниянын өндүрүшү тууралуу коомчулукка дагы деле толук маалымат бериле элек.

Кыргызстан Кумтөр кенин өзү иштетип баштагандан бери өндүрүлгөн алтын, тапкан пайда тууралуу маалымат угуу демилгеси парламенттин дээрлик ар бир сессиясында көтөрүлөт. Бирок ал колдоо таап, тиешелүү мамлекеттик органдар Жогорку Кеңеште бир да жолу маалымат берген жок.

Акыл Кемелов.
Акыл Кемелов.

Депутат Акыл Кемелов кендин ишмердиги боюнча парламентте маалымат алуу сунушун дембе-дембе берген депутаттардын бири.

Ал акыркы жолу "Кумтөр Голд" ишканасында жергиликтүү компаниялар сүрүлүп чыгып, кадрларды алууда башаламандык болуп жатканын айткан. Ушундай билдирүүлөрдөн кийин кендин ишине байланыштуу "Кумтөр Голд" депутаттын жеке өзүнө маалымат берген экен. Бирок ал жашыруун документ катары келгендиктен аны менен таанышпай эле кайра өткөрүп бергенин айтууда.

"Негизи бул жашыра турган деле маалымат эмес. Элге отчет берилиши керек. Антпесе күмөн жарала берет. Булар Кумтөр боюнча сот иштерине байланыштуу жашыруун документ кылып беришти окшойт. Кен Кыргызстанга толук өтмөйүнчө ушундай болот го".​

"Алтын сатылган жок"

Кыргыз бийлиги "Кумтөр Голд" компаниясын өзү иштетип келаткан 2021-жылдын 17-майынан бери алтын өндүрүшү боюнча үч ирет учкай гана маалымат берди.

Биринчи жолу президент Садыр Жапаров 15-июнда кенге барганда ишканага убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден бери 44 миң унций (ред: 1 тонна 247 килограммдан бир аз ашыгыраак) алтын сатылганы кабарланган. Анын баасы 82 миллион 234 миң доллар болгон. Бул акчанын 41 миллион 952 миң доллары өндүрүштүк чыгымдарга кетип, таза кирише 40 миллион 282 миң долларга жеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-сентябрда Кыргызстан июнь-июль - эки айда Кумтөрдөн 90 миллион доллар тапканын жарыялаган. Ушул эле айда Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп турганда Кумтөрдөн өндөрүлгөн төрт тоннадан ашуун алтын Кыргызстанда экенин айткан. Андан 61-62 миллион доллардан ашуун таза киреше түшөт деп божомолдогон.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эркингүл Иманкожоева Кумтөр кенинин ишмердиги боюнча бийликтин так маалымат бербей жатышы тууралуу мындай деди.

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

"Президент бирди, Камчыбек Ташиев башканы, Акылбек Жапаров өзүнчө бир маалыматты, Тенгиз Бөлтүрүк болсо башкача сөздөрдү сүйлөп атат. Акылбек Жапаров "Кумтөрдү толугу менен мамлекетке алдык" десе "Центерра Голд" болсо аны четке какты. Ушундан улам мен эле эмес, элдин баары эле күмөн санап эмне болуп жатканын түшүнбөй турат. Азыркыга чейин алтын сатылып, элге маалымат берилиши керек эле. Бирок бизде күн сайын эле артка кетип баратат".

"Кумтөр Голд" компаниясынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Би-Би-Си кыргыз кызматында жакында эле курган маегинде алтынга байланыштуу суроого жарым-жартылай жооп берди.

"Биз алтынды чет мамлекетке саткан жокпуз. Азыр сот болуп атпайбы. Алтынды сатканга деле мүмкүнчүлүгүбүз бар. Good delivery (ред: “Кыргызалтындын” алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясы) статусун алып койбодубу. "Кыргызалтындын" делегациясы жакында эле барып сүйлөшүп келди. Айткан шарттарын толуктап аткардык. Жакында бул статусту кайра берет го деген ишенич бар. Бирок бул жөн гана статус. Ал эми алтынды чет жакта сурап аткандар көп. Ошол баа менен алабыз дегендер, аны издегендер көп. Кыргызстанда Кумтөрдөн тышкары 7-8 тоннадай алтын өндүрүлөт. Алар деле сатылып атат. Мен бир топ эле мүмкүнчүлүктү көрүп атам".

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтындын" алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын 17-сентябрда токтотуп, Кыргызстан өндүргөн алтынды батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгүнөн убактылуу ажыратылган. Тенгиз Бөлтүрүк ушул тууралуу айтып жатат. Адистер мындай аккредитация жок болгондуктан Кыргызстан алтынын Индия, Кытай, Түркияга зергерчиликке сатса болорун айтып келет.

Кумтөрдөгү өндүрүштүк иштен тышкары кенди иштетүүдөгү коррупциялык иштер да коомчулуктун көңүл чордонунда. 14-декабрда бул ишке байланыштуу Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келди. Ал "Кумтөр иши" боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берип, беш-алты күндөн кийин кайра кетери кабарланды. Акаев быйыл 2-августта да келип, сурак берип кеткен.

УКМК кенге байланыштуу бардык келишимдерден коррупциялык фактылар аныкталганын билдирип ондон ашык мурдагы жана азыркы аткаминерлерге иш козгогон. Бир топ чиновниктер камакка да алынган. Алар ар кандай шартта тергөө абагынан чыгып отуруп азыр абакта президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаев менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев калды.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда "Кумтөр Голд" компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп, кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип келатат.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG