Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Жарандык активист Акаевди жоопко тартуу талабы менен пикетке чыкты


Өндүрүш Токтонасыров. 15-декабрь, 2021-жыл
Өндүрүш Токтонасыров. 15-декабрь, 2021-жыл

Бүгүн, 15-декабрда жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин астына пикетке чыкты.

Өндүрүш Токтонасыров мурдагы президентти актоо аракети болуп, ал мурда кылгандары үчүн жоопкерчиликке тартылбай жатканын айтууда.

“Аскар Акаев тарыхта кара тамгалар менен жазылып калган саясий инсан. Аны улам чакырып, сурамыш болуп кайра узатып жаткандары туура эмес. Аксы окуясы, Кумтөр боюнча жооп бериши керек” - деди Токтонасыров.

Ал “Аскар Акаев - кылмышкер, аны Орусиянын жарандыгынан ажыратууну өтүнөм” деген плакат көтөрүп алган.

Акаевдин санаалашы Бекболот Талгарбеков августта Kaktus.media сайтына экс-президенттин өзү да, анын жубайы да Кыргызстандын паспортуна ээ экенин билдирген.

2005-жылдын март айынан бери Орусияда башкалкалап келген Акаев быйыл 2-августта “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келди.

Азыркы бийлик Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд Компани” президенттерди "сатып алганын" далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG