Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:29

Депутат Жетигеновдун тарапташтары митингге чыкты


Бакыт Жетигенов.
Бакыт Жетигенов.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган депутат Бакыт Жетигеновдун тарапташтары 15-декабрда Бишкекте парламенттин алдында нааразычылык акциясына чыгышты.

Алар Жогорку Кеңештен убактылуу депутаттык комиссиянын Бакыт Жетигенов боюнча чыгарган корутундусун кароону талап кылууда. "Мыйзам баарына бирдей", "Депутаттардан коркпогула" деген плакаттарды кармап турушат.

Парламент жыйынына Жетигенов боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу бүгүн чыгарылмак. Бирок жыйын кийинки жумага жылды.

Депутаттык комиссия 9-декабрда Башкы прокуратуранын Жетигеновду жоопко тартуу боюнча өтүнүчүн четке каккан жана 15-декабрдагы парламент жыйынына чыгарыларын билдирген.

8-декабрда Жогорку Кеңеш убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга макул болгон эмес. Экөө тең ошол эл күнүн абактан бошотулган. Жыйында Жетигенов боюнча корутунду даяр эместиги айтылган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процессуалдык кодекстин” талаптарына ылайык, үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн. 1-декабрда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо, депутаттар камактан бошотуларын, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген.

УКМК депутат Жетигеновду “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG