Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Жогорку Кеңештин жыйыны 22-декабрга жылды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 15-16-декабрдагы жыйыны кийинки жумага жылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 15-декабрдагы парламент жыйынына Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) камакка алган депутат Бакыт Жетигенов боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу чыгарылмак.

Депутаттык комиссия 9-декабрда Башкы прокуратуранын Жетигеновду жоопко тартуу боюнча өтүнүчүн четке каккан жана 15-декабрдагы парламент жыйынына чыгарыларын билдирген.

8-декабрда Жогорку Кеңеш убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга макул болгон эмес. Ал жыйында Жетигенов боюнча корутунду даяр эместиги айтылган.

Жээнбеков менен Зулпукаров абактан бошотулган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процессуалдык кодексинин” талаптарына ылайык, үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн. 1-декабрда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо, депутаттар камактан бошотуларын, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген.

УКМК депутат Жетигеновду “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG