Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

АКШ менен Евробиримдик Беларуста оппозицияга чыккан өкүмдү айыптады


Сергей Тихановский жана башка саясий туткундар Гомел шаарында өткөн сот залында.
Сергей Тихановский жана башка саясий туткундар Гомел шаарында өткөн сот залында.

АКШ Беларуста оппозиялык активисттер менен журналисттерге карата 14-декабрда чыккан катаал сот өкүмүн айыптады.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин билдирүүсүндө Сергей Тихановскийге, Николай Статкевичке, Игорь Лосикке жана башка активисттерге карата чыккан сот өкүмүндө саясий негиз бар экени белгиленген.

"Соттолгондор да, беларус эли да бул катаал репрессияга кабылбашы керек", – деп билдирген мамлекеттик катчы.

АКШ бул өкүм беларус бийлиги адам укуктарын сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин сыйлабай тургандыгынын дагы бир далили деп эсептөөдө. Билдирүүдө жаңы соттолгондорду, мындан тышкары Буларуста саясий туткун деп табылган 900дөн ашык адамды бошотуу чакырыгы жазылган. Вашингтон Александр Лукашенконун режимин репрессияны токтотууга, оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү баштоого жана ачык, таза шайлоо өткөрүүгө чакырган.

Бул сот өкүмүн Европа Биримдиги (ЕБ) да айыптады. Биримдиктин тышкы саясий мекемесинин билдирүүсүндө Евробиримдик расмий Минскиге каршы жаңы санкцияларды киргизүү ыктымалдыгын карап чыгууга даяр экени жазылган.

Беларустун президенттигине талапкерлигин коюуну пландап жүргөн видеоблогер Сергей Тихановский 14-декабрда 18 жылга кесилди. Тополоң уюштурган деп айыпталган Тихановский жана аны менен кошо айыпталган адамдардын соту Гомел шаарындагы тергөө абагында жабык каралды.

Тихановский Лукашенконун саясий атаандаштарынын ичинен эң узак жаза мөөнөтүн алды. Буга чейин президенттикке талапкер Виктор Бабарико 14 жылга, Мария Колесникова 11 жылга эркинен ажыратылган.

Мамлекеттик "Белта" агенттиги билдиргендей, андан тышкары блогер Владимир Цыганович 15 жылга, YouTube каналындагы "Жашоо үчүн өлкө" баракчасынын оператору Артем Саков 16 жылга, модератор Дмитрий Попов 16 жылга кесилди. Алар жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөйт. Каттоого алынбаган Беларус Социал-демократиялык партиясынын лидери Николай Статкевичке да 14 жыл жаза мөөнөтү берилди.

Айыпталуучулар бир жарым жыл темир тор артында отурду. Алардын баары президенттик шайлоо жана Беларуста жапырт нааразылык акциялары башталганга чейин кармалган.

Светлана Тихановская күйөөсү камалгандан кийин анын ордуна президенттикке ат салышкан. Кийин Беларустан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG