Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Украина жарандык берүү тартибин жеңилдетти


Украинанын жаранынын ID-карта түрүндөгү паспорту.
Украинанын жаранынын ID-карта түрүндөгү паспорту.

Жогорку Рада Донбасста Украина үчүн согушкан чет элдик ыктыярчылар жана саясий көз карашынан улам куугунтукка кабылган орусиялыктар үчүн украин жарандыгын алуу тартибин жөнөкөйлөттү.

УНИАН агенттиги кабарлагандай, айрым адамдардын паспортту жөнөкөй шарт менен алуусуна багытталган “Украинанын жарандыгы жөнүндө” мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү Жогорку Раданын 285 депутаты колдоду.

Бул мыйзам саясий ишеними боюнча куугунтукка алынган Орусиянын жарандарынын, Куралдуу күчтөрдө келишимдик негизде кызмат өтөө мөөнөтү аяктаган же өтөп жаткан чет өлкөлүктөрдүн, жарандыгы жок адамдардын паспорт алуу жол-жобосун жеңилдетет.

Мыйзамдагы бул жеңилдиктер "улуттук коопсуздукту, коргонууну камсыздап, Орусиянын Донецк жана Луганск облустарындагы куралдуу агрессиянын мизин кайтарууга түздөн-түз катышкан" чет элдиктерге да тиешелүү.

2019-жылдын декабрында Украинанын Министрлер кабинети чет элдик ыктыярчылардын жарандык алуу механизмин жөнөкөйлөштүргөн.

Буга чейин башка өлкөлөрдөн келген ыктыярчылар Украинада убактылуу жашоого уруксат ала алышчу эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG