Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

Ирандык клуб эки тажик футболчусу менен келишимди кечеңдетүүдө


Иран. "Персеполис" футболдук командасынын тажик оюнчулары Манучехр Сафаров (оңдо) жана Вахдат Хананов.
Иран. "Персеполис" футболдук командасынын тажик оюнчулары Манучехр Сафаров (оңдо) жана Вахдат Хананов.

Ирандык "Персеполис" командасынын чакыруусу аркылуу Тегеранга барган эки тажик футболчусу менен келишим түзүлө электиги кабарланды.

Вахдат Ханонов менен Манучехр Сафаров учурда Тегерандагы мейманканалардын биринде жашап жатканын билдиришти.

Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Эки футболчунун Ирандын командасына өткөнү тууралуу кабар соңку эки айда эки өлкөнүн маалымат каражаттарында эң көп талкууланды.

Алар буга чейин Ирандагы «Персеполис» командасы менен биргеликте бир нече ирет машыгып, анын курамында бир нече жолдоштук беттештерге катышкан.

Аргентинадан келген мурдагы башкы машыктыруучуга карыздан улам "Персеполис" жаңы оюнчуларды тартуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганы айтылган. Бирок 13-декабрда бардык каржылык талаш-тартыштар чечилип, клуб жаңы оюнчуларды командага тарта ала турганы жарыяланды.

Transfermarkt буга чейин эки тажик футболчусу "Персеполис" клубуна өтөөрүн жана алардын келишими 2024-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөнүн билдирген.

Оюнчулар Ханонов 150 миң еврого, ал эми Сафаров 175 миң еврого бааланган.

Келишимдерге кол коюлган күндө да Манучехр Сафаров менен Вахдат Ханонов Ирандын премьер-лигасында тажик футболунун алгачкы өкүлдөрү боло албастыгы айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG