Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Өлкөдө мал санак жүргүзүлөт


Суусамыр өрөөнү.
Суусамыр өрөөнү.

Айыл чарба министрлиги Улуттук статистика комитети менен биргеликте өлкөдөгү малдын башына санак жүргүзүү жөнүндө буйрук чыгарып, иш-план бекитилди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Буйрукка ылайык, өлкө аймагындагы мал-жандыктарды жана үй канаттууларын кайра каттоого алуу жыл аягында башталып, жыйынтыгы 2022-жылдын 16-февралында белгилүү болот.

Атайын адистер ар бир үй, дыйкан чарба сыяктуу мал кармоого ылайыктуу жайдын баарынын короосуна милдеттүү түрдө кирип, санап чыгышат.

Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,5 миллион бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллионго жеткен, жылкынын саны 467 миң. Кыргызстандын ички дүң өнүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 15% жакын. (TSh)

XS
SM
MD
LG