Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:27

Ошто акындар зомбулукка каршы ыр окушту


Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залы. 14-декабрь, 2021-жыл.
Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залы. 14-декабрь, 2021-жыл.

14-декабрдагы иш-чара "Поэзия зомбулукка каршы" деп аталат. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун жана өкмөттүн жардамы менен уюштурулган.

Анда акындар Нуркыз Рыскул кызы, Акбар Кубанычбеков, Бердибек Жамгырчиев, Алтынбек Исмаилов, Мелис Маматжан уулу гендердик теңчилик, зордук-зомбулукка каршы, жаштарды тарбияга, кыз-келиндерди урматтап-сыйлоого чакырган ырларын окушту.

Уюштуруучулардын айтымында, зордуктоо үчүн кармалган кылмышкерлердин көбү 18-24 жаштагылар. Андыктан бүгүнкү иш-чарага негизинен дал ушул курактагы жаштар, студенттер чакырылган.

Бул акция 16-декабрда Нарында, 17-декабрда Бишкек шаарында уланат.

Расмий маалыматтар быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8,5 миң арыз катталганын көрсөттү. Бул былтыркыга караганда 30% көп. Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG