Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

Беларус оппозициясынын лидерлери узак мөөнөткө соттолду


Беларус. Алты блогер менен бир саясатчыга каршы жүргөн сот жараяны. Гомелдеги тергөө абагы. 24-июнь, 2021-жыл
Беларус. Алты блогер менен бир саясатчыга каршы жүргөн сот жараяны. Гомелдеги тергөө абагы. 24-июнь, 2021-жыл

Блогер Сергей Тихановский 18 жылга, медиа кеңешчи Игорь Лосик 15 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилди.

14-декабрда Гомелдеги тергөө абагынын аймагында "Тихановскийдин иши" боюнча өкүм чыкты.

Бул Беларустагы 2020-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү жана ага каршы нааразылык акцияларынан кийинки эң жогорку жаза мөөнөтү.

Буга чейин президенттикке талапкер Виктор Бабарико 14 жылга, Мария Колесникова 11 жылга эркинен ажыратылган.

Мамлекеттик "Белта" агенттиги билдиргендей, Тихановский менен Лосиктен тышкары блогер Владимир Цыганович 15 жылга , YouTube каналындагы "Жашоо үчүн өлкө" баракчасынын оператору Артем Саков 16 жылга, модератор Дмитрий Попов да 16 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылды.

Каттоого алынбаган Беларус социал-демократиялык партиясынын лидери Николай Статкевичке 14 жыл жаза мөөнөтү берилди.

Беларуста былтыркы шайлоону 26 жылдан бери бийликте келаткан автократ жетекчи Александр Лукашенко жеңгенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирген. Добуш берүүнүн бурмаланганына каршы чыккан элдин нааразылык акциялары күч менен басылып, куугунтуктоо азыркыга чейин уланып келет.

Батыш шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес жана беларус бийлигине каршы санкция салган. Оппозиция лидерлеринин айрымдары кармалса, башкалары чет өлкөлөрдө баш калкалап жүрүшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG