Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:37

Орусияда Insider басылмасына айып пул салынды


The Insider гезитинин башкы редактору Роман Доброхотов.
The Insider гезитинин башкы редактору Роман Доброхотов.

Москванын соту The Insider басылмасына (Орусияда "чет элдик агент" деп таанылган) "чет элдик тыңчы" деген жазылманы белгилебегени үчүн 500 миң рубль айып салды. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги билдирди.

Басылма "чет элдик тыңчы" функцияларын аткарган чет элдик маалымат каражатынын ишинин тартибин бузуу" беренеси боюнча административдик жазага тартылып, акчалай айыпка жыгылды.

Шейшембиде сот Чехиянын Medium-Orient маалымат агенттигине (Орусияда чет элдик маалымат агенттиги катары таанылган) ушул эле берене боюнча айып пул салды.

Буга чейин The Insider гезитинин башкы редактору Роман Доброхотов басылма өз материалдарын "чет элдик агент" функциясын аткарган ЖМК түзгөн деген атайын билдирүү менен белгилебей турганын билдирген. Ал басылма Латвия мыйзамы боюнча Латвияда катталганын жана орус бийлигинин талаптарына баш ийүүгө милдеттүү эмес экенин баса белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында "Роскомнадзор" Москванын Таганск сотуна "чет элдик агент" белгиси жок болгондуктан The Insider сайтын жабуу боюнча доо арыз менен кайрылган.

The Insider - Латвияда кайра катталган басылма. Бул басылма орусиялык атайын кызматтардын иштери, тактап айтканда, Алексей Навальныйды ууландыруу боюнча бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү менен белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG