Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Орусия ижарага алган Байкоңурдагы орус мектептеринде казак тили жана адабияты окутулат


Байкоңур шаарындагы мектептердин бири.
Байкоңур шаарындагы мектептердин бири.

Казакстандын Байкоңур шаарындагы орус мектептеринин программасына биринчи жолу казак тили жана адабияты сабагы киргизилет. Бул тууралуу орусиялык "Интерфакс" маалымат агенттиги Кызылорда облусунун башчысы Гүлшара Абдыкаликовага шилтеме берип маалымат таратты.

Анын айтымында, бул тууралуу келишимге Москва менен Нур-Султандын ортосундагы 2019-жылдан бери улантылып келе жаткан өкмөттөр аралык комиссиянын сүйлөшүүлөрү аркылуу жетишилди.

Москва Байкоңурду 2050-жылга чейин андагы ушундай аталыштагы космодром менен бирге Казакстандан ижарага алган. Калаага Орусиянын федералдык маанидеги шаар макамы кошо камтылган. 2015-жылга чейин шаардын бардык мектептери орусиялык билим берүү стандарттарына ылайык жана орус тилинде окутулуп келген. Андан кийин Казакстан бекиткен мамлекеттик стандарттарга акырындык менен өтө баштаган.

Шаар калкынын 70% казактар түзөт. Жергиликтүү ЖОЖдорго тапшырып, мамлекеттик сынактан өтүү үчүн алар Жалпы Улуттук бирдиктүү тесттен өтүшү керек болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG