Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Тувада 80ге жакын кадет ууланып, ооруканага түштү


Кызыл шаары. Тувадагы кадеттик мектеп-интернаты.
Кызыл шаары. Тувадагы кадеттик мектеп-интернаты.

Орусиянын Тува республикасында аскердик мектеп-интернаттын 79 окуучусу тамактан ууланып, ооруканага жаткырылды.

"Роспотребнадзордун" алдын ала версиясы боюнча, буга эки себеп болушу мүмкүн: тамак-аштын сапатсыздыгы же жеке гигиенанын сакталбагандыгы. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгына таянып билдирди.

Республиканын башчысы Владислав Ховалыг Туванын кадет корпусунун окуучулары ууланып, ооруканага жаткырылганын ырастады. Анын айтымында, жабыркагандардын абалы канааттандырарлык, бирок «25 баланын саламаттыгы дарыгерлердин кылдат кароосун талап кылат».

Балдардын дене табы 38 градустан жогору көтөрүлүп, кусуу, алсыздык байкалганын Туванын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы инфекционисти Чечек Ондар билдирди.

Азырынча интернаттын бир гана окуучусу ооруканадан чыгарылды.
"Роспотребнадзордун" аймактык башкармалыгынын башчысы Людмила Салчактын айтымында, бул мектеп-интернаттагы алгачкы окуя эмес.

Тамак-аштын үлгүлөрү алынып, шаардык санитардык эпидемиологиялык борборго экспертизага жөнөтүлгөнү кабарланды.

Кадет корпусунун тамак-аш даярдоочу ашканасы жана тамактана турган зал жабылып, интернатта бир жумалык карантин жарыяланды.

Бул окуяны Кызыл шаардык прокуратурасы менен Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгы да текшерүүгө киришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG