Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Талибдер өзбектер менен түркмөндөрдү күчтөп көчүрдү


Жаузжан провинциясы. 14-январь, 2019-жыл.
Жаузжан провинциясы. 14-январь, 2019-жыл.

“Талибан” Ооганстандын түндүгүндө пуштун көчмөндөрүнө көмөктөшүп 1000ден ашуун өзбек жана түркмөндөрдү мажбурлап көчүргөнү айтылууда.

Өзбек жана түркмөн жамааттары 8 миң гектардан ашуун жер тилкеси менен үй-жайларын таштап башка жакка жер которгону кабарланды. Жаузжан провинциясындагы пуштундар талибдердин жардамы менен алардын үй-жайларын, жерлерин басып алганын айтууда.

Жаузжандагы жер басып алуу

Ооганстандын түндүгүндөгү Жаузжан провинциясындагы өзбек жана түркмөн тектүүлөрдү жер которууга мажбурлоо быйыл күзүндө беш провинцияда жүздөгөн шиит хазарларын үйлөрүнөн жана чарбаларынан кууп чыккандан кийин башталган. Бул августта бийликти талибдер басып алгандан кийин күч алды дейт укук коргоочулар. Алардын айтымында, талибдер жергиликтүү жамааттарды күч менен көчүрүп, жерди өз тарапташтарына алып берип, мурунку өкмөттү колдогондорду жазалап жатат.

Адам укугу боюнча Ооганстандагы көз карандысыз комиссиясынын башчысы Шахарзад Акбар “Талибан” өкмөтүн этникалык азчылыкка жасалган кысымды токтотууга чакырды.

“Жаузжандагы жергиликтүү жамааттарды – өзбектер менен түркмөндөрдү күч менен көчүрүү жана алардын жер которгондугу тууралуу кооптуу кабарлар келип түшүүдө. Бул талибдердин жергиликтүү бийлигинин колдоосу жана катышуусу менен жүрүүдө. Бул өнөкөт мурда хазарларды мажбурлап көчүргөдөн кийин болду. Муну тез арада токтотуу керек. Эч кайсы жамаат коркуп жашоого милдеттүү эмес”, - деди ооганстандык укук коргоочу Шахарзад Акбар.

Жаузжандын эң алыскы Дарзаб өрөөнүнө күч менен көчүрүлгөндөр арасында түркмөн тектүү Абдулла Рахил аттуу оогандыктын үй-бүлөсү да бар.

Анын ырасташынча, 27-ноябрда көчмөн пуштундар талиб согушкерлеринин коштоосунда келип, Жаузжандын Куш-Төбө аймагындагы 1000ден ашуун түркмөн-өзбек үй-бүлөлөрүн жеке чарбаларынан кууп чыккан. Буга эч ким каршы чыга алган эмес. Алар бул жерлерге атамзамандан бери ата-бабалары ээлик кылып, иштетип келгенин айтышууда.

Ооганстандын түндүгүндөгү түркмөн уруулары.
Ооганстандын түндүгүндөгү түркмөн уруулары.

“Аргасыз ал жактан көчүп кеттик. Мал-жаныбызды үлгүрүшүнчө саттык. Калганы калды. Короо-жайды жана жерибизди таштадык. Ушундай талап болду. Болбосо, бизди өлтүрүп коюшмак. Алар бизге убакыт беришти. Ошол убакытта үй-бүлөбүздү алып чыгып кеттик. Буга өкмөт эч кандай жооп кылбады. Өзбекстан менен Түркмөнстан деле эч нерсе деше элек. Биздин абалыбызга көңүл бурган эч ким жок”, - деди Абдулла Рахил.

Жаузжан провинциясынын Куш-Төбө аймагынан Дарзабга көчүрүлгөндөр Кабулдагы “Талибан” өкмөтүнө бул жер басып алуу боюнча даттанып, ал жактан текшерүү үчүн комиссия жиберүү убада кылынып, бирок ошондон бери дайын жок экени айтылды.

“Талибан” өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки чет элдик журналисттердин этникалык азчылык топторунун күч менен көчүрүлүп жатканы тууралуу суроосуна мынтип жооп кайтарды:

Амир Хан Муттаки, Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу.
Амир Хан Муттаки, Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу.

"Тилекке каршы, Ооганстандагы Ислам Эмиратына каршы ар кандай айыптоолор жана дооматтар болуп жатат. Бирок бир дагы далил жок. Эгерде кандайдыр бир далил болсо, алып чыгышсын. Мен муну ишеничтүү түрдө айта алам. Мунун бардыгы негизсиз айтылган айыптоолор",- деди Муттаки.

Пуштун көчмөндөрүнүн жүйөсү

Ооганстандын Жаузжан провинциясында жер которууга аргасыз болгондор жалпы 20 миң акр же 8 миң гектардан ашуун жер тилкесин көчмөн пуштундар тартып алганына даттанды.

Бирок андагы пуштун көчмөндөрүнүн өкүлү Гулам Сарвар “Азаттыктын” ооган кызматына аталган жерлер талаштуу экенин жана менчик укугун бир гана мамлекет аныктай турганын билдирди. Анын айтымында, көчмөн пуштундар 20 жыл мурун мал жайган бул жерге ээлигин калыбына келтирип, жайыт жерлерин кайтарып алууну көздөшөт.

“Талибандын” өкүлү Билал Карими Куш аймакта бардыгы тынч экенин, бирөөнүн менчигин басып алууга жол берилбестигин айтып, Би-Би-Сиге жооп берген.

Human Rights Watch (HRW) адам укугун коргоо уюмунун Азия боюнча директору Патриция Госсман жамааттык жаза катары күч менен көчүрүү усулу колдонулуп жатканын, “Талибан” мындай зомбулукка жол бербеши керек экенин билдирди.

Быйыл күздө талибдер Гилменд, Дайкунди жана Балх провинцияларында жашаган жүздөгөн шиит хазараларын мажбурлап, көчүргөнү ачыкка чыккан. Эл аралык коомчулук “Талибанды” этникалык азчылыкка кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG