Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Мурдагы ооган аскери Вашингтондон жардам сурады


Ооганстандын мурдагы тандалма күчтөрү 2021-жылдын 4-июлунда талибдер Бадахшанга жакын райондорду басып алгандан кийин Файзабадга жардамга барган учуру.
Ооганстандын мурдагы тандалма күчтөрү 2021-жылдын 4-июлунда талибдер Бадахшанга жакын райондорду басып алгандан кийин Файзабадга жардамга барган учуру.

Ооган атайын күчтөрүнүн мурдагы жогорку даражалуу өкүлү Ооганстанда калган аскер адамдарын АКШга чыгарып кетүүнү өтүнүп Вашингтонго кайрылды.

Ал ушундай жол менен алдыдагы «гуманитардык апааттан» сактап калууну суранды. АКШ мамкатчысы Энтони Блинкен 10-ноябрда Ооганстанда калган америкалык жарандар менен жергиликтүү тургундар чыгарыларын айткан болчу.

Ооганстанда калып калган колбашчылардын бири жардам сурады

Ооганстандын мурдагы коопсуздук күчтөрүнө караштуу атайын аскер даярдыгындагы бөлүктөрдүн кол башчыларынын бири өз кайрылуусун «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дарегине жолдоду. Ал ысымын ачык атабоону суранган. Кайрылууда ооган атайын даярдыктагы тобу АКШ баштаган НАТО күчтөрү менен кезинде Ооганстанда коюн-колтук иштеп, өткөн 20 жылда эл аралык террочулукка каршы күрөшүп келгени жазылган. Ошондой эле ал кайрылууда талиб жоочулары аларды издеп жатышканын, эгер колго түшүрсө өлүм жазасына тартуу коркунучу бар экенин белгилейт.

Улуу Британиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы, армиянын генералы Ник Картер жашырынып калып кеткен жергиликтүү ооган аскерлери бар экенин жана аларды талибдердин өч алуусунан сактап калуу вазийпасы турганын айткан:

Улуу Британиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Ник Картер Лондондо сүйлөп жатат. 22-январь, 2018-жыл.
Улуу Британиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Ник Картер Лондондо сүйлөп жатат. 22-январь, 2018-жыл.

«Азыр деле Ооганстанда биз менен кызматташкан оогандар бар. Биз алардан өч алышабы деп коркобуз. Ошондуктан алар бир жолун таап Ооганстандан чыгып кетишин каалайт элек. Биз аларга кам көрүп, жетишүүбүз керек. Анан да Ооганстандагы гуманитардык кырдаал тынчсыздандырат. Бул көйгөйдү чечип, акчанын керектелишин көзөмөлдөө үчүн «Талибан» өкмөтү менен кызматташууга туура келет», - дейт генерал Ник Картер.

АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү талибдер бийликке келгенден бери миңдеген жергиликтүү оогандыктарды өлкөдөн чыгарып кетишти. Быйыл октябрь айынын соңунда алынган маалыматтар боюнча 53 миң ооган жараны АКШдагы сегиз аскердик базага жайгашып, медициналык кароодон өткөрүлүп, тиешелүү жардам алып жатканы кабарланган.

Ал эми эл аралык күчтөр менен тыгыз кызматташкан дагы миңдеген адамдар Ооганстандан чыгып кеткиси келерин айтып, АКШ өкмөтүнө кайрылган болчу. Вашингтон 31-августан кийин дагы коопсуздугуна коркунуч болгон ооган жарандарын өлкөдөн чыгарууну убада кылган.

Блинкендин билгени бар

АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен 10-ноябрда Катарга барганда 500дөн ашуун адам Ооганстандан чыгарууга даяр турганын айтты:

Энтони Блинкен, АКШнын мамлекеттик катчысы
Энтони Блинкен, АКШнын мамлекеттик катчысы

«Мен 10-ноябрга карата АКШ өкмөтүнө Ооганстандан чыгарып кетүү өтүнүчү менен кайрылгандар бар экенин тастыктай алам. Алар тиешелүү документтери бар, чыгып кетүүгө даяр адамдар. Биз бул кишилерди чыгарып кетүүнү аныктадык. Бул адамдар ушундай мүмкүнчүлүк алышты. Алар 380 америкалык жаранды жана 280 туруктуу жашоочулар», - деди Энтони Блинкен.

Бирок Ооганстандан чыгарууга даяр турганы айтылган 500дөн ашуун адамдын арасында ар кайсы жерде жашырынып жүргөн мурдагы ооган коопсуздук күчтөрүнүн өздүк курамы бар же жок экени белгисиз.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын чабарманы Жаспер Вик 18-ноябрда Кабулда “Талибан” өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда тараптар ортосунда мурдагы бийликтин өкүлдөрүн куугунтуктабоо жана мурдагы коопсуздук күчтөрүнүн аскерлерин жазалоодон баш тартуу маселеси талкууланган.

Министрликтин маалыматына караганда, талибдер мурдагы өкмөт менен байланышта болгондорго мунапыс жарыяланганын айтышкан.

Бирок ошол эле кезде мурдагы ооган коопсуздук күчтөрүнүн айрым өкүлдөрү кармалып, өлүм жазасына тартылып жаткан учурлар боюнча эл аралык адам укугун коргоо уюмдары баяндамасында бир катар мисалдарды келтирген жайы бар.

Вашингтонго жолдонгон кайрылууда Ооган коопсуздук күчтөрүнүн командос тандалма аскер бөлүктөрү өлкөнүн саясий лидерлери качып кеткенден кийин “Талибанга” каршы согушту токтотууга аргасыз болгону белгиленген. Ар кайсы жакка чачырап, азыр жашырынып жүргөн атайын аскердик даярдыктагы топ ичерге тамак-ашы жок, кооптуу жагдайга дуушар болгону кайрылууда көрсөтүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG