Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

HRW: "Талибан" күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерлерин жок кылууда


Нангархар провинциясындагы "Талибан" кыймылынын согушкери. 30-ноябрь, 2021-жыл.
Нангархар провинциясындагы "Талибан" кыймылынын согушкери. 30-ноябрь, 2021-жыл.

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык уюму "Талибан" кыймылы Ооганстандагы коопсуздук күчтөрүнүн 100дөн ашуун мурдагы мүчөсүн "соттук териштирүүсүз дарга асып же күч менен дайынсыз жок кылганын" билдирди.

30-ноябрда жарыяланган баяндамада баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм 15-августтан 31-октябрга чейин талибдерге багынып же жоочулардын колуна түшүп калган ооган коопсуздук күчтөрүнүн мурдагы 47 мүчөсү өлтүрүлүп же дайынсыз жоголгонун документтештирген.

Уюм Газни, Гилменд, Кандагар жана Кундуз провинцияларында эле 100дөн ашуун аскер, полиция кызматкерлери, чалгын кызматынын мүчөлөрү өлтүрүлгөнү тууралуу далилденген маалыматтарды чогултканын билдирди.

Буга чейин "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) расмий өкүлү Забиулла Мужахид мурдагы администрацияга тиешеси барлардын баарына мунапыс жарыяланганын билдирген.

Анткен менен "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Азия боюнча директору Патришия Госсман талибдердин бул убадасына карабай, жергиликтүү кол башчылар ооган күч түзүмдөрүнүн мурдагы мүчөлөрүн соттук териштирүүсүз жан таслим кылганын билдирди.

"Талибан" адам өлтүрүүлөрдү токтотуп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөп бериши керек", - деди Госсман.

HRW "Силердей адамдарга кечирим жок. Талибдердин бийлиги маалында Ооганстанда дарга асылгандар жана көзү тазалангандар" деп аталган баяндамасында төрт провинцияда кырктай адам катышкан сурамжылоо жүргүзүгөн.

Ошондой эле телефон аркылуу уюмдун өкүлдөрү окуялардын күбөлөрү, каза болгондордун туугандары жана достору, мурдагы аткаминерлер, журналисттер, медициналык кызматкерлер, атургай "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү - жалпысынан 27 адам менен сүйлөшкөн.

Баяндамага жооп катары талибдер кыянаттыкка баргандарды иштен алганын билдирип, бирок аны ырастаган эч кандай маалымат көрсөтө алган эмес.

Уюмдун баяндамасына ылайык, Нангархар провинциясында "Талибан" кыймылы "Ислам мамлекети" террордук тобунун жергиликтүү бөлүмдөрүн колдойт" деген айып менен салафи көз карашын жактагандарды куугунтуктаган.

Сентябрь айында талибдер адам укуктарын бузгандар, жемкорлук, уурулук жана башка кылмыштар тууралуу маалыматтарды иликтеген комиссия түзгөнүн жарыялаган.

Баяндамада жазылгандай, комиссия буга чейин "Талибан" кыймылынын бир нече мүчөсүн уурулук үчүн камап, башкаларын жемкорлук үчүн иштен алганын билдиргени менен адам өлтүрүүлөр тууралуу үн каткан эмес.

"Талибан" кыймылы Ооганстанда бийликти 15-августта басып алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG