Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:46

Орусия БУУнун климат жана коопсуздук боюнча резолюцияcына вето койду


Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин климаттын өзгөрүшүн коопсуздук маселелери менен байланыштырган резолюция долбооруна вето койду.

Долбоор Ирландия менен Нигер Республикасы тарабынан сунушталган. Аны Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 12си колдоду. Коопсуздук кеңешинде вето укугу бар Орусия каршы добуш берди. Кытай калыстыкты карманды.

Индия дагы Орусиянын чечимине макул болуп, каршы добуш берди.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя комментарий берип жатып, «эл аралык коомчулук климат маселеси боюнча тең экиге бөлүндү» деп билдирди. Ал резолюциянын долбоорунун текстин дуйнөлүк коомчулукка «климаттык активисттердин позициясын» таңуулоо аракети деп атады.

"Бул чындыгында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө экиге бөлүнүүгө, артка чегинүүгө алып келет",- деди ал.

Euronews телеканалы белгилегендей, резолюциянын долбоору Башкы катчы Антониу Гутеррешке «климатка байланыштуу коопсуздук тобокелдиктерин БУУнун конфликттердин алдын алуу боюнча жалпы стратегияларынын борбордук элементи катары кошууга» чакырат.

АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд Орусиянын вето коюшуна “эч кандай негиз жок” деп билдирди. Анын айтымында, климаттык кризис - коопсуздук кризиси болуп саналат.

Франция глобалдык жылуулук менен коопсуздуктун ортосунда байланыш бар деп эсептейт. Суу, тамак-аш тартыштыгы жана климаттын кооптуулугу калктын аялуу абалынан пайдаланган "куралдуу топтордун кулач жайышына жол ачат " деди Франциянын расмий өкүлү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG