Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 21:04

Бишкекте тепловоз коюп кеткен Пакистандын жараны боюнча ИИМ түшүндүрмө берди


Октябрь 2021-жыл

11-декабрда Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине жакын жердеги темир жолдо бир кишини тепловоз коюп кетип каза болгон. Маркум Пакистандын жараны экени аныкталган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, соттук-медициналык экспертизанын жана алдын ала тергөөнүн алкагында каза болгон Рамзан Мухаммад Кыргызстандын эл аралык университетинин Эл аралык медицина мектебинин 2-курсунун студенти экени такталды.

Азыр тергөө жүрүп жатат. ИИМ окуянын күбөлөрүнүн көрсөтмөсүнө таянып, батыш тараптан темир жолдо жөө бараткан жаран тепловоздон берилген эскертүү үнүнө реакция кылбаганы айтылат. Ички иштер министрлиги кээ бир жарандарды туура эмес, аныкталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырып, анын жоопкерчилигин эскерткен.

11-декабрда белгисиз адам тепловоздун алдында калганы кабарланган. Социалдык тармактын колдонуучулары чет элдик жаран киши колдуу болуп, анын сөөгү рельске ыргытылганын жазып чыгышкан.

Пакистандын элчилиги Министрлер кабинетин бул окуяны тез арада иликтеп, жарандын өлүмүнүн себебин айтууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG