Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 21:50

Прокуратура: ИИМдин Ички аскерлеринин ишинде ири коррупциялык схема аныкталды


ИИМдин Ички аскерлери, 24-август, 2021, Бишкек.

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин ишмердүүлүгүн текшерүүдө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Анда Аскер прокуратурасын пландуу текшерүү маалында өздүк курамга сатып алына турган тамак-ашка жана кийим-кечеге бөлүнгөн акча каражаттарын жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которуу менен 33 млн. 946 миң сом уурдалганы аныкталганы айтылат.

Бул иш боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Ички аскерлердин жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 209-беренеси (“Алдамчылык”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”), 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскерлеринин маянасы 40% көтөрүлгөн. Ички аскерлердин өзгөчө шарттарда кызмат өтөөсүн эске алуу менен 1-сентябрдан тарта алардын 1 жылы 1,5 жыл, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөндөрдүн бир жылы эки жылга тете деп эсептелет.

Өлкөдө ар кандай акциялар, митингдер учурунда мамлекет ички аскерлерди элге каршы пайдаланат деген нараазычылыктар айтылып келет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG