Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 00:52

Ошто өз кызын зордуктоого шектелген киши эки айга камалды


Иллюстрация сүрөт.

Ош шаарында 14 жаштагы кызын зордуктоого шектелген 39 жаштагы жаран эки айга камакка алынды. Милициянын маалыматында аталган жаран эки жылдан бери кызын зордуктап келген деп шектелүүдө. Кыз учурда өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун, социалдык коргоо кызматкерлеринин камкордугуна алынган. Адистер акыркы жылдары өспүрүмдөргө карата мындай үрөй учурган зордук-зомбулук күч алганын, аны менен күрөшүү үчүн комплекстүү иш-чаралар зарылдыгын айтууда.

10-декабрь күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (Ош ШИИБ) 39 жаштагы жаранды өзүнүн жашы жете элек кызын зордуктоого шектүү катары кармады. 12-декабрда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, эки айга камалды.

Окуя боюнча Ош ШИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Кыздын көрсөтмөсү боюнча апасы Орусияга кеткенде 2019-жылы алгач ирет зордуктаган экен. Акыркы ирет ушул жылы 28-ноябрда зордуктагандыгын ыйлап айтып берген. Шектүү "мас болчумун" деп кылмыш жоопкерчилигинен качууга аракетенүүдө. Анын бир тууган эжеси кылмыш жасап жаткан учурда көрүп, "ата, эмне кылып жатасыз, уят эмеспи" десе, "кызым кечирип кой, мас үчүн апаң деп ойлопмун" деп көрсөтмө берген. Эми чекитти сот органдары коёт. Учурда шектүү катары камап, сотко чейинки өндүрүш ишин ачканбыз, иликтөө жүрүп жатат".

Сыдыков жабырланган кызды өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор социалдык кызматкерлери менен бирге көзөмөлгө алып, ага кам көрүп жатканын билдирди.

"Коом жабырлануучуну кодулайт"

Адистер кордук көргөн кыз психологиялык жактан катуу жабыркап, ага узакка созулган үзгүлтүксүз жардам керектигин белгилеп жатат.

Психолог Эмил Сагынбаев зордуктоого кабылган өспүрүмдөр түнт болуп, өз өмүрүнө кол салганга чейин барарын айтып берди:

"Өзүнө болгон жек көрүү сезими күчөйт. Ички сезимдерин эч ким менен бөлүшө албай стресс болуп, депрессияга түшүп калышы мүмкүн. Көп учурда суицидге барууга түртөт. Бул кызда атага, эркекке, өзүнүн денесине жаман көрүү сезими пайда болот. Бул кызга бир жылдык терапия керек болушу мүмкүн. Балким, психикалык жардам да зарыл болушу ыктымал".

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 2021-жылы зордуктоого кабылган үч өспүрүмдүн иши катталган. Кыз-келиндердин, жаштардын укуктарын коргоо менен иш алып барган "Новый Ритм" коомдук бирикмесинин жетекчиси Мадина Салайдинова бул сандар ачыкка чыгып калган эле окуялар экенин, чындыгында абал мындан да кооптуу болушу ыктымалдыгын белгилейт.

Запкы жеген кыздар көпчүлүк учурда бардык тараптан, алтургай жакындарынын басым-кысымына туш болот, андайда кимге кайрылып жардам суроону да билбейт.

"Биздин коомдо "уят" деген түшүнүк катуу жайылган. Көбү эмне үчүн кыздар башында эле кайрылбайт деп айтышат. Биздин коом ачык болуп, зордук-зомбулук темасын жаап-жашырууга аракет болбогондо баары ачык айтышы мүмкүн эле. Бирок бизде ал нерсе болбойт. Анткени бизде эң эле жөнөкөй мамилелерде кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, аны эч ким айтпайт".

"Иштебеген мыйзам — азайбаган зордук"

"Ак Жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова өспүрүмдөр арасында, дегеле үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун азайбай жатканын мыйзамдардын иштебегендигине байланыштырды.

"Өтө жакшы иликтеп, тастыктап мыйзамды иштетпесе өтө өкүнүчтүү нерсе болуп жатат. Мыйзамдарыбыз бар, бирок иштебейт. Ошол маселе сот органдары тарабынан тастыкталса дагы жаап-жашырылып, сотто да бир жактуу чечилип калып жатканы өкүнүчтүү. Мен муну мыйзамдын иштебей жаткандыктап деп айтат элем. Мыйзам иштегенде мындай нерселер болбойт эле".

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Асылбекова мындай окуяларды миграциянын коомдун аялуу катмарына тийгизген терс таасири катары баалады. Ата-энесинин бири, же экөө тең мигрант болуп кетип, жакын туугандарынын колунда калган өспүрүмдөр жабыр тартып жатат дейт ал.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө күч түзүмдөрүнө гана жоопкерчилик артып коюу туура эмес деген пикирде.

"Негизи жазалоо деле оңой эмес. Аны далилдөөнүн өзү убакытты талап кылат. Милиция кызматкерлери да ата-эне. Алардын дагы жүрөгү ооруйт. Жеңил жаза берип койду деген түшүнүк туура эмес. Республиканын аймагында балдарга карата, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун өскөнү байкалат. Бул биринчи кезекте коомдун дегредация болуп баратканынан кабар берет. Экинчиден, ата-энелердин миграцияда жүргөнү деп билем. Дагы бир фактор бул — айкындуулук. Мурун бирөөнүн короосунда эмне болуп жатканын эч ким билбей калчу. Азыр кичинекей кылмыш интернет заманында дүйнө жүзүнө тарап кетип жатат".

Кыргызстанда соңку жылдары жашы жете элек тестиерлерге сексуалдык ыдык көрсөтүп же зордуктаган окуялар тууралуу маалыматтар көп жарыяланууда.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жасаган иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, 2020-жылы тогуз айда "Зордуктоо" беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш "Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү" беренеси менен катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG