Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 14:56

Армиядагы өлүм: Жалгызынан айрылган ата-эне, "Кылым шамы" БУУга кайрылат


Маркум Кубанычбек Ногойбаев аскердик ант берген күнүндө түшкөн сүрөт. Оштогу №2024 “Төө-Моюн” чек ара тозоту. Ноябрь, 2014-жыл. (Үй-бүлөлүк архив)

"Кылым шамы" укук коргоо уюму мындан алты жыл мурда асынып алганы айтылган жоокердин өлүмүнө байланыштуу БУУнун Адам укугу комитетине кайрылганы жатат. Кубанычбек Ногойбаевдин өлүмүн Аскер прокуратурасы да иликтеп, кылмыш иши козголгон эмес.

"Суицид" деген кургак бүтүм менен жабылып калган жоокердин өлүмү адилет иликтенбегенин айткан маркумдун жакындары ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге чейин арызданышкан. Аскер прокуратурасы бул иш каралып, жабылганын билдирди.

2015-жылдын 11-январында Кубанычбек Ногойбаевдин сөөгү айыл четинде талга асылып турган жеринен табылган. 18 жаштагы уландын Оштогу №2024 “Төө-Моюн” чек ара тозотунда аскердик милдетин өтөп жатканына үч ай да толо элек болчу.

Кубанычбек Ногойбаев аскерге чейин.
Кубанычбек Ногойбаев аскерге чейин.

"Аскерге суранып барган эле..."

Тагдыр Кубанычбектин башына сыноону эрте салган. Төрткө чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, Бишкектеги чоң ата, чоң энесинин колунда чоңойгон.

Чоң энеси Замира Нарынбаева Кубанычбек өз каалоосу менен аскерге суранып кеткенин айтты.

"Балабыз №38 мектепте жакшы окуган, спорт менен машыкчу. Мектепти бүтүп, дагы окуп жаткан. Анан бир күнү армияга барам деп калды, мен ага "сени аскерге чакырганга акылары жок, биздин жалгызыбыз болсоң" дедим. "Мен аскер адамы болгум келет, апа" деди. Экөөбүз чогуу аскер комиссарлыгына бардык. Алар дагы "уулуңуз өзү суранып жазылды" деп айтышты. Эмне дейм анан, макул деп кала бердим" - деп эскерди чоң эне.

"Аскерге жөнөгөн күнү саат 7:30га чакыруу бериптир, жолго жей турган тамак-ашын салып, комиссарлыкка келсек эч ким жок. Бир сааттан кийин гана келишти. "Бул кандай? Аскердик темирдей тартип деген кайда? 7:30га деген соң, ошол убакта болушуңар керек эле да" деп сүйлөнүп, бир четинен өзүмчө "ушул жерде эле бейтартип болсо, алыскы Араванда кандай болду экен" деп күмөн санадым эле. "Баары жакшы болот, апа, бир жыл тез эле өтөт" деп жайнаган боюнча коштошуп кирип кеткен. Көрсө жалгызымды ошондо акыркы жолу көрүптүрмүн..."

Жаш аскер 2014-жылы октябрда Аравандын кыргыз-өзбек чек арасындагы №2024 “Төө-Моюн” чек ара бөлүгүнө түшкөн. Ант берген күнү түшкөн сүрөттөрүн Бишкектеги чоң атасы менен чоң энесине берип жиберген. Замира Нарынбаева небереси менен ал өлөрдөн бир күн мурда, 10-январда байланышкан экен. Анда небереси шайдоот сүйлөшүп, аскерде кимдир бирөө аны кодулаганына деле даттанган эмес. Жакшы сүйлөшүп, жылуу коштошкон:

"Кээде телефон чалып турчу. Бир жолу 1000 сом сурады, "аскерде акчанын эмне кереги бар" десем, "керек экен" деди. Макул деп жибердик. Кийинчерээк дагы сурады. Анда да салганбыз. Акыркы жолу, жаңы жылдан кийин 10-январда чалды. Маанайы жакшы болчу, "паспортумдун көчүрмөсүн салып жибергиле" деди. "Аскерде паспортту эмне кыласың?" десем, "биометрика тапшырат экенбиз" деди. Эжеси "салып жиберем" деген. Бул 10-январь болчу".

Маркумдун денесиндеги так.
Маркумдун денесиндеги так.

"Балабыз өз жанын кыйганына ишенбейбиз"

Аскер прокуратурасынын Кубанычбектин өлүмүн иликтеген документтерине ылайык, жоокердин сөөгү талга асылып турган жеринен 11-январда табылган. Ал жер чек ара тозотунан эки чакырым аралыкта, Найман деген айылдын четинде. Жоокердин сөөгүн таңкы 8:40 чамасында жергиликтүү тургундар көрүп, аскер бөлүккө кабар беришкен. Бирок туугандарына сөөк табылганы тууралуу кабар эмнегедир түштөн кийин гана жеткен.

"11-январда таң атпай бул үйдөгү телефонубуз шыңгырайт, алсам, "Кубанычбек Ногойбаев кайда?" деп сурады. "Аскерде да", десем, "Бул жактан качып кетиптир, издеп атабыз" деди. Кандайча качып кетет деп, санаабыз санга бөлүндү. 5-10 мүнөт сайын чалып, "келдиби?" деп сурашат. Ошентип саат түшкү үчкө чейин чалып атышты. Көрсө, баланын сөөгүн булар эртең мененки саат сегизде эле табышкан экен. Эмне себептен бизден аны жашырып атышканын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөй, ошол кездеги аскер жетекчилерге берген суроолорубузга жооп ала албай келатабыз. Мына, жакында жети жыл болот. Биз анын өз жанын кыйганына ишенбейбиз, аны өлтүрүп коюшкан. Болбосо мынчалык жашырышмак эмес".

Асынып алды деген жоокердин сөөгү бир нече күндөн кийин Бишкекке жеткирилген. Оштогу экспертиза менен укук коргоо органдарына ишенбеген жакындары сөөктү Бишкектеги республикалык соттук медициналык экспертизага берген.

"Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда баланын башында жарааты, ийининде туюк заттан алынган тактары бар экени тууралуу жазылган. Анда балабыз өлгөнгө чейин эки күн жана өлөрдөн эки саат мурда таякталганы аныкталган. Башына, желкесине, бөйрөгүнө, колуна урушкан экен. Биз муну себеп кылып, баланын өлүмү боюнча кылмыш ишин ачууну өтүнүп, Аскер прокуратурасына кайрылдык. Бирок бизге 22-февралда Ош гарнизонунун аскер прокурорунун Караев деген жардамчысы "Кубаныч өзүн-өзү асып алганы аныкталганы үчүн кылмыш иши козголбой турганын" жазып, кат жөнөтүптүр".

Кубанычбектин чоң ата, чоң энеси небересинин өлүмү үчүн аскер кызматкерлери жооп бериши керек деп эсептешет. Алар тиешелүү адамдарды жоопко тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага, премьер-министрге жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышкан. Бирок бардык жактан "Кубанычбек Ногойбаев суицидге барган" деген гана жооп келген.

Маркум жоокердин жакындарына бийлик органдарынан келген жооп каттар.
Маркум жоокердин жакындарына бийлик органдарынан келген жооп каттар.

Тергөөдө көп суроо жоопсуз калган

18 жашында жайран болгон Кубанычбек Ногойбаевдин ишин “Кылым шамы” укук коргоо уюму да иликтеп келе жатат. Ушул тапта уюмдун юристтери бул иштин адилет иликтенүүсүнө көмөктөшүүсүн сурап, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине кайрылганы турат.

Уюмдун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова бул кадамга барууга аскерде өмүрү кыйылган жоокерлердин саны азайбай, алардын өлүмүнүн себеби тиешелүү деңгээлде иликтенбей жатканында экенин "Азаттыкка" билдирди:

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Жоокердин өлүмү боюнча ишти биз жети жылдан бери көңүлүбүзгө алып келатабыз. Бизде да бул иш боюнча тергөө тараптан жоопсуз калган бир нече суроолор бар. Алардын бири - жоокер аскер бөлүктөн түн ичинде кантип чыгып кетти? Мунун сөөгүн эртең мененки саат 5те ошол айылдын тургундары таап алып, кабар беришкен. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда жоокер денесине өлөрдөн эки саат мурда жараат алганы айтылып жүрөт, демек, ал түнкү саат 1-2 чамасында кайдан токмоктолгон? Кубаныч аскер бөлүктөн кантип чыкты? Аскер бөлүккө кирип-чыккандарды каттаган журнал болот, тергөө ал журналды да иликтеген эмес. Ошол убакта аскер казармасында видео көзөмөл болчу экен, анын ошол күнкү жазуулары түп-тамыры менен жок. Аны тергөө алган эмес, биз да таптакыр ала албадык. Аягында сөөктү алган жерде кароо жүргөн эмес. Мындан тышкары жүргүзүлгөн экспертизалар бири-бирине каршы чыгып жатат. Оштогу экспертиза "жоокер эч кандай таяк жеген эмес" дейт, экинчиси "өлөрдөн эки саат мурда таяк жеген" деп чыгарды. Дагы бир экспертиза бул тактар "сөөктү ташуу учурунда болушу мүмкүн" деп чыгып жатат. Эң акыркысында денедеги тактар маркум "тирүү кезинде сабалганын билдирет" деп чыгып жатат. Тергөө мына ушуларды эске алган эмес, толук иликтеген эмес".

Маркум Кубанычбек Ногойбаевдин чоң ата, чоң энеси.
Маркум Кубанычбек Ногойбаевдин чоң ата, чоң энеси.

Кубанычбектин чоң атасы Садыр Ногойбаев небересинен ажыраганда 64 жашта эле. Мурда шаарда жетекчилик кызматтарда иштеген пенсионер небересин жоготкондон кийин инсульт алып, оң тарабы кыймылдабай, көзү көрбөй калган. Азыр арабада отурат. Аны байбичеси карайт.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова карыялардын багар-көрөрү болгон небереси аскерде өлгөнүнө карабай, аларга мамлекет, же Чек ара кызматы эч кандай көңүл бурбаганына токтолду:

"Кубанычбек аскерге өзү каалап барганы шылтоо болуп бере албайт. Анын аскерде кандай гана себеп болбосун көз жумганы үчүн мамлекет кенемте төлөп берүүгө тийиш. Анткени сопсоо, алты саны аман 18 жаштагы небересин тирүү алып кетип, кайра сөөгүн бергени үчүн жоопкер болушу керек. Окуя болгон учурда Садыр Ногойбаевдин дени соо болгон. Азыр эми минтип арабада отурат. Байбичесинин ден соолугун сураган киши жок. Буларга жок дегенде бир жолу төлөнүүчү кенемтени берүүгө тийиш болчу. Чек ара кызматынан тиешелүү адамдар келип, кабар алып турса, мамлекеттен дарылануусуна бир аз жеңилдик берилсе жакшы болмок. Кубанычбек Ногойбаевдин аскердеги табышмактуу өлүмү толук иликтенген жок, ким күнөөлүү, эмне себептен ал өлүп калды, бул иликтенген жок. Экинчиден аны кенедейинен багып өстүрүп, аскерге тирүү жиберип, кайра сөөгүн алган чоң ата, чоң энесинин абалына эч кандай көңүл бурулган жок. Булар таптакыр жалгыз калышты".

Раимберди Дүйшөмбиев.
Раимберди Дүйшөмбиев.

Кубанычбек Ногойбаевдин иши боюнча Чек ара кызматында ички иликтөө жүргөн. Чек ара кызматынын ошол убактагы жетекчиси Раимберди Дүйшөмбиев иликтөө учурунда жоокер кыйноого кабылганы аныкталбаганын билдирген.

Дүйшөмбиевдин буйругу менен жоокердин өлүмүнө байланыштуу №2024 “Төө-Моюн” чек ара тозотунун, Ош чек ара отрядынын жетекчиси иштен алынган.

Ногойбаевдин өлүмүн Аскер прокуратурасы да иликтеген. Бирок кылмыш иши ачылган эмес. Аягында "суицид" деген негизде иш жабылган.

Армияда абал өзгөргөн жок

Кыргызстандын армиясында жоокерлер арасындагы зомбулук, уруп-сабоо, суицид, кодулоо сыяктуу көрүнүштөр токтой элек. Аскердик бөлүктөрдөгү жатакана, тамак-аш, суу, даараткана да минималдуу жашоо шартына туура келбейт.

Армиядагы адам укуктарынын сакталышы боюнча “Кылым шамы” укук коргоо уюму, Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор биргелешип иликтөө жүргүзгөн. Алар жоокерлердин укуктарын анкета аркылуу изилдешкен. Натыйжада бул тармакта эң негизги көйгөй мурдагыдай эле аскерлер арасындагы үстөмдүк, зомбулук, уруп-сабоо экени аныкталган.

Расмий маалыматта акыркы он жыл аралыгында аскерде ар кандай жагдайда өмүрү кыйылып, ал "суицид" деп бааланган жоокерлердин саны 150гө чамалады. Бирок бир да ата-эне мындай бүтүмгө макул болгон эмес.

2020-21-жылдары он чакты жоокер жанын кыйганы кабарланган. 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган.

2016-жылы алты жоокер өз жанын кыйганын Акыйкатчы институту маалымдаган.

2015-жылы Кыргызстанда аскер кызматын өтөп жаткан 10 жоокер каза тапты. 2014-жылы 13 аскер набыт болгон. Ал эми 2012-2013-жылдары 39 жоокердин өмүрү кыйылган.

2017-жылы Кыргызстандын акыйкатчысы аскерде каза тапкан ар бир жоокер үчүн мамлекет кенемте төлөп берүүгө тийиш деген демилге көтөрүп, муну өкмөткө жана парламентке сунуштаган. Бирок ал сунуш өткөн эмес.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG