Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Студенттерге президенттик стипендия тапшырылды


Студенттерге президенттик стипендяларды тапшыруу аземи. Бишкек. 14-декабрь 2021-жыл.
Студенттерге президенттик стипендяларды тапшыруу аземи. Бишкек. 14-декабрь 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров 14-декабрда студенттерге президенттик стипендияларды тапшыруу аземине катышканын президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Быйылкы жылы өлкө боюнча окууда ийгилик жараткан 80 студент аталган стипендияга татыктуу деп табылган.

Мамлекет башчы жолугушууда аларды окуудагы жетишкендиктери менен куттуктап, эмгеги жана өжөрлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өз сөзүндө билим берүү тармагын реформалоо боюнча программаны ишке ашыруунун жол-жоболору каралып жатканын билдирген.

“Бала бакчалардан тарта жалпы билим берүүчү орто мектептерди, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларды реформалоо боюнча программа кабыл алынып, ишке ашыруунун жол-жоболору каралып жатат. Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окутуунун мезгил талабына жооп бере турган жаңы программаларын иштеп чыгуу, ага ылайык адис-кадрларды даярдоо, мугалимдер менен окутуучулардын эмгек акыларын көтөрүү маселелерин чечүү боюнча иш-аракеттер күчөтүүлүүдө”, - деп жазылат маалыматта.

Өлкөдө 33 мамлекеттик жана 40 мамлекеттик эмес жогорку окуу жай бар. Аларда 219 030 студент билим алууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG