Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

Венгрияда мигранттарды ташып бараткан автоунаа кырсыкка учурады


Венгриядагы кырсык болгон аймак.
Венгриядагы кырсык болгон аймак.

Венгриянын Сербия менен чек арасына жакын аймакта мигранттарды ташып бараткан автоунаа кырсыкка учурап, андан жети киши мүрт кетти. Венгр бийлиги дагы төрт киши жараат алганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-декабрдын кечинде Венгриянын түштүгүндөгү Морахалом кыштагында болгон. Полиция автоунааны текшерүү үчүн токтотууга аракет кылган. Бирок айдоочу машинасын катуу ылдамдыкта айдап, качып кетүүнү көздөгөн. Натыйжада автоунаа жакынкы имаратка барып урунуп, ала салып кеткен. Сербиянын номери бар машинада баш-аягы 10 мигрант болгон.

Полиция жарааат алган айдоочу камакка алынганын жана иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Ар кыл жаңжалдардан, экономикалык кыйынчылыктардан жана куугунтуктан качкан мигранттар менен качкындар Европа Биримдигинин бай өлкөлөрүнө жетүү үчүн дал ушул Балкан өлкөлөрү аркылуу өткөн маршрутту колдонушат.

Евробиримдиктин август айындагы расмий маалыматына ылайык, быйыл Батыш Балкан аймагы менен шаркетке мыйзамсыз өтүп келген мигранттардын саны эки эсе өскөн. Алардын көпчүлүгү Сирия менен Ооганстандын жарандары.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG