Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Орусиянын Жогорку соту "Мемориалды" жоюу боюнча ишти кароону улантууда


Тарыхый эстутум жана адам укугун коргоо боюнча иш алып барган Орусиядагы "Мемориал" уюмун жоюуга жарандык каршылык акциясы.

14-декабрда Орусиянын Жогорку соту Башкы прокуратуранын "чет элдик тыңчылардын" реестрине кирген "Мемориал" Эл аралык укук коргоо уюмун жоюу боюнча доосун кароону улантты.

Орусиянын башкы прокурору Игорь Красновдун айтымында, уюм "чет элдик тыңчылар" жөнүндөгү мыйзамды байма-бай бузган, тактап айтканда, жарыяланган материалдарга "чет элдик тыңчы" деген тиешелүү маркирлөө койгон эмес.

Жогорку соттун имаратынын жанындагы көчөгө ондогон адам чогулганы кабарланды.

Сот жараянына "Мемориалдын" коомдук жактоочулары Михаил Бирюков, Генри Резник жана Мария Эйсмонт, ошондой эле адвокаттар Григорий Вайпан, Анастасия Гарина, Татьяна Глушкова, Тамилла Иманова, Наталья Морозова жана Наталья Секретарева катышууда.

Сот залында башкы прокурордун орун басары Алексей Жафьяров баш болгон төрт прокурор отурганы белгиленди.

2021-жылдын февраль айында Жафьяров макулдашылбаган акциялардын уюштуруучуларын сыртынан жоопко тартууну сунуштаган.

Жогорку соттун алдында бул сот жараянына каршы чыккан биринчи адам камакка алынганы кабарланды. Полиция "Мемориалдан колуңду тарт", жана "Саясий туткундарга эркиндик" деген плакаттарды кармап, соттун алдында турган жалгыз пикетчинин кармап кеткени айтылды.

25-ноябрда Башкы прокуратуранын доо арызы каралган күнү "Мемориалды" колдоо үчүн 200-300дөй адам Жогорку соттун имаратына келген. Бирок алардын көбү сот залына киргизилген эмес.

"Мемориалды" жоюу боюнча сот жыйынын алып барган судья "көп сандагы журналисттер соттук иштин жүрүшүнө тоскоол болот" деген негиздеме менен видеого тартууга уруксат берген жок.

Ишти караган судья жактоочунун сот жараянын ачык өткөрүү боюнча дээрлик бардык өтүнүчтөрүн четке какты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG