Кыргызга келин болгон америкалык Суджин Хан
Суджин Хан менен Улук Шаршенов - жаш түгөйлөр. Алардын үй-бүлө куруп жашап жатканына бир жылдан ашык убакыт өттү. Суджин - корей тектүү америкалык, ал мектепте мугалим болуп иштейт. Улук - программист. Алар менен бүгүн баалуулуктар, стереотиптер жана мамиле куруудагы өзгөчөлүктөрү тууралуу сүйлөшөбүз.